Премьер Москвага учуп кетти. Коштоп барган делегациянын тизмеси

Окуялар тизмеги, Өлкө 24 Окт 2019 15:16
0 ой-пикир

Бүгүн 24- октябрда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапар менен кетти. Бул туралуу өкмөттөн билдиришти.

Иш сапардын алкагында премьер Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына, ошондой эле ушул жылдын 25-октябрында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында күн тартибиндеги 15 маселе каралат. Ал эми КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда 19 маселе каралат. Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.

Делегациянын курамы:

— вице-премьер-министр Жеңиш Разаков;

— экономика министри Санжар Муканбетов;

— Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов;

— Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрмек Ибраимов;

— Ветеринардык и фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов;

— КР өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков;

— КМШ Экономикалык кеңешинин алдындагы экономика маселелери боюнча комиссиядагы Кыргызстандын өкүлү Зина Асанкожоева;

— Улуттук банктын төрагасынын орун басары Айнура Тезекбаева.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.