Конституциялык палата: Атамбаевдин макамын алуу Баш мыйзамга каршы келбейт

Окуялар тизмеги, Өлкө 24 Окт 2019 18:11
0 ой-пикир

Жогорку соттун Конституциялык палатасы Атамбаевдин макамын алуу Баш мыйзамга каршы келбейт деген тыянакка келди.

Конституциялык палатанын чечимине ылайык, 2019-жылдагы «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын укуктук ченемдери Баш мыйзамга ылайык деп табылды. Бирок Конституциялык палата «учурдагы президент экс-президенттен кепилдикти алат» деген норма Баш мыйзамга дал келбесин аныктады.

Белгилей кетсек, Конституциялык палатанын чечими даттанууга жатпайт, анын үстүнөн кайрылууга мүмкүн эмес.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы Атамбаевдин тарапташтарынын арызын 23-октябрда карай баштаган.

Алардын айтымында, Атамбаев 2017-жылдын 24-ноябрында эле экс-президент макамын алган. Ал эми азыр ага быйыл 27-майда күчүнө кирген президенттин ишмердиги тууралуу мыйзамды колдонуп атышат. Ал мыйзам 27-майдан кийин экс-президент макамын алган президенттерге колдонулушу керек эле. Мыйзам артка иштебейт деп Конституциянын 28-беренеси көрсөтүлгөн, деп белгилешет мурунку президенттин партиялаштары.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.