Атамбаевдин макамын алуунун мыйзамдуулугун кароо боюнча сот кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти

Окуялар тизмеги, Өлкө 24 Окт 2019 10:59
0 ой-пикир

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын соттук коллегиясы бүгүн, 24-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктыгын кароону улантып жатат.

Атамбаевдин адвокаты Нурбек Токтакунов менен Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова сөз сүйлөдү. Андан кийин соттук коллегия чечим кабыл алыш үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти.

Эске сала кетсек, ишти кароо 23-октябрда башталган. Жыйынтыганда Эркинбек Мамыров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктуулугун караган соттук коллегиянын курамынан чыгарылган.

Иш күнү аяктаганына байланыштуу ишти кароо бүгүнкүгө калтырылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.