Бизге да кылмыш ишин козгошун талап кылабыз, — Арстан Алайдын тарапташтары

Окуялар тизмеги, Өлкө 23 Окт 2019 17:33
0 ой-пикир

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Арстанбек Абдылдаевге (Арстан Алай) карата кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу, анын тарапташтары милицияга баруу ниетинде. Бул туурасында алар бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйын учурунда билдиришти.

Арстан Алайдын тарапташтарынын айтымында, эски түшүнүк боюнча Кудай- бул материя эмес, ал- энергия. Маалымат жыйындын катышуучусу врач-кардиолог Рано Арапова алардын руханий лидери эмне үчүн куугунтукка алынганын айтып берди.

«Арстан Алай «бийлик дүйнө жүзүнө кыргыз элинин улуулугун даңазалай албайт жана адамзатты сактап кала албайт» дегени үчүн ага кылмыш ишин козгошту», — дейт Арапова.

Жыйындын башка катышуучусу  Эльвира Сатыбекова кыргыздардын баары Кудай экенин билдирди.

«Биздин кыргыз элибиздин бардыгы — Кудай, жердеги ар бир кыргыз —  Кудай. Андыктан, бизге да кылмыш ишин козгошсун. Биз өз сөзүбүз үчүн жооп берүүгө даярбыз. Теңирчиликти дин катары каттоону талап кылабыз», -деди ал. 

«Биз, өзүбүздү Кудай жарыялагандар, эртең Биринчи Май райондук ички иштер органына барып, бизге да кылмыш ишин козгошун жана жоопко тартышын талап кылабыз. Эгер жоопко тартышпаса, 25-октябрда Башкы прокуратурага Арстан Абдылдаевге карата ачылган кылмыш ишин токтотуу арызы менен кайрылабыз», — деп кошумчалады Р.Арапова

Эскерте кетсек, Арстанбек Абдылдаев буга чейин Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, өзүн «Кудаймын» деп жарыялаган. 16-октябрда парламенттин жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов Арстанбек Абдылдаевдин сөзү экспертизага жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Ал бул цитатадан «диний кастыкты козутуу» аракети текшерилерин билдирген.

Мындан кийин Бишкек шаардык ИИБ Арстанбек Алайга карата «Расалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки өндүрүш башталган. 
 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.