Арстан Алайга кылмыш иши козголду: 5 жылдан 10 жылга чейин кесилиши ыктымал

Окуялар тизмеги, Өлкө 22 Окт 2019 15:43
0 ой-пикир

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Арстанбек Абдылдаевге (Арстан Алай) карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар ортосундагы кастыкты козутуу») боюнча козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.

«Ишти Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү алып барып жатат. Азыр диний экспертизага жөнөтүлдү. Азыр жыйынтыгын күтүп жатабыз», — дейт аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Улан Жумаков .

Буга чейинки маалыматтарда анын “мен Кудаймын” деген сөзү атайын экспертизага берилгени кабарланган.

Ал арада Арстан Алайдын тарапташтары Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылган. Аларга буга чейин коомдук тартипти бузган деп 3 миң сомдон айып пул салынган.

Эске салсак, бир жума мурда Арстан Алай Абдылдаев өзүнүн тарапкерлери менен “Аки прессте” өткөргөн маалымат жыйынында өзүнүн “адамзаттын сактоочусу” болгондугун жарыя кылса, 14-октябрда анын жыйырмадай тилектештери аракеттеги мамлекет башчысын токтоосуз отставкага кетип, бийлигин Арстан Алайга өткөрүп берүүнү,

“Кут” телеканалын ачууну талап кылган чакырыктар, лозунгдар жазылган плакаттарды моюндарына илип алышып Өкмөт үйүнүн жанына митингге чыгышкан.

16-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Улугбек Ормонов “Мен Кудаймын!” деп айткан адамга чара көрүүнү сунуштаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.