Ырчы Бегимай Бекбоева кош бойлуу

Окуялар тизмеги 22 Окт 2019 14:28
1 ой-пикир

Ырчы Бегимай Бекбоева наристе күтүүдө. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына маалымдады.

Белгилүү болгондой, ырчы ушул жылдын май айында турмушка чыккан.

«Жолдошум Лейлектин кулуну болот, экөөбүз теңбиз. Жазында баш кошуп, тууган-урукка чакан той бергенбиз. Учурда наристе күтүп жатабыз. Кудай буюруп аман-эсен көз жарып алсам, анан чыгармачылыкка киришем. Жолдошум, кайын-журтум чыгармачылыгымды колдойт, ырдаганыма каршы эмес», — дейт ырчы.

Ошондой эле буга чейин жеке жашоосундагы жаңылыктарды эмне себептен ачыкка чыгарбагандыгы тууралуу буларга токтолду:

«Жолдошум жеке жашообузду элге жарыялоону каалабайт. Мындан улам турмушка чыкканымды жакындарыма гана айткам. Бирок көптөгөн күйөрмандарым «эмнеге көрүнбөй кеттиңиз?» деп тынчсызданып жатышкандыктан, кыскача маалымат берип коюуну туура көрдүм».

Ырчы Бегимай Бекбоева кош бойлуу” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Бегимай

    Молодец Бегимай бактылуу бол ты такая добрая и хорошая я очень рада за тебя

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.