Памир кыргыздарына гуманитардык жардам берилди

Окуялар тизмеги 18 Окт 2019 12:59
0 ой-пикир

Ооганстан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памир аймагында жашаган кыргыздарга Кыргызстандан гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Гуманитардык экспедиция памирлик кыргыздарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече, мештер, дары-дармек, медициналык буюмдар жана башка керектүү болгон товарларды алып барды. Бул үчүн өкмөт 5 млн. сом бөлгөн. Жалпы жүктүн салмагы 70 тоннаны түздү.

Кыргызстандан барган топтун курамындагы медицина кызматкерлери андагы элди медициналык кароодон өткөрүп, төрөт кабыл алып жана катуу ооруп жаткандарга шашылыш жардам көрсөтүштү.

Мындан тышкары гуманитардык экспедициянын мүчөлөрү Кичи жана Улуу Памирдин тургундары менен жолугушуу өткөрүп, анда Кыргызстандын аймагынан балдарына билим берүү маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап бул маселеге жардам берүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Памирлик кыргыздар Кыргызстандын бийлигине жана элине колдоо көрсөткөнү жана берген жардам үчүн ыраазычылык билдиришти.

Экспедициянын мүчөлөрүн ооган аймагынан Ооганстан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, миграциялык кызматтын, Бадахшан провинциясынын жана Вахан районунун администрациясынын өкүлдөрү жана Ооганстан Ислам Республикасынын премьер-министринин кыргыздар маселеси боюнча кеңешчиси Ажи Махмуд тосуп алды.

2003-жылы ооган кыргыздарынын саны 5 миңдей болсо, азыр 1,5 миңдин тегерегинде гана калды. 2017-жылы жаңыча жашоого ылайыкташуу үчүн Ооганстандан Нарынга 50 памирлик кыргыз келген. 11 үй-бүлө же 49 киши Нарында жашаса, экөө Ошто окуп жатат. Былтыр 18и Ооганстанга кетип, кайра бирөө гана кайтып келген. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.