500дөй кыргыз жарандары Сириядагы качкындар лагеринде кармалып турат, — УКМК

Окуялар тизмеги 17 Окт 2019 09:11
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Сириядагы атайын лагерлер менен түрмөлөрдө беш жүздөй кыргызстандык кармалып турганын маалымдады. Учурда ал жактагы аялдар менен балдарды алып келүү боюнча өкмөт тарабынан сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын белгиледи.

Сирияда жүргөн жарандар анын ичинде аялдар, балдар боюнча идентификациялоо иштери жүрүп жатат. Беш жүздөн ашык кыргызстандык качкындар лагеринде, түрмөлөрдө жатат. Аларды алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат”, — деди Тургунбаев.

Буга чейин Сириядагы качкындар лагеринде кармалып жаткан кыргыз жарандары менен жолугуп, дайынын билиш үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык корпусу аркылуу жүрүп жатканы айтылган.

Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтарып келиш үчүн өкмөттө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган жумуш тобу түзүлгөн. Разаков Иракта согуш тутанган аймактардагы лагерлерде кыргызстандык 78 бала бар экени такталганын, алардын апалары түрмөдө отурганын айткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.