Сооронбай Жээнбеков бир катар элчилерди дайындады

Окуялар тизмеги, Өлкө 12 Окт 2019 17:22
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бир катар элчилерди дайындаган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык:

— Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Отунбаев Болот Исакович Вашингтон шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды;

-Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Адамкулова Самаргүл Эркиновна Эль-Кувейт шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Бахрейн Падышалыгындагы жана Иордания Хашимит Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды;

—Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Венгрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Словения Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы жана Вена шаарындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Джусупов Бакыт Алиевич Вена шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Словакия Республикасындагы жана Чех Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.