ИНТЕРВЬЮ. Ширин Айтматова — «Үмүт 2020» кыймылы жана коррупционерлер тууралуу

Аналитика, Интервью, Статьялар 10 Окт 2019 10:11
0 ой-пикир

Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнө карата, 30-августта Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматова мекендештерине видеокайрылуу жасады. Анда ал кыргызстандыктарды “Үмүт 2020” кыймылына кошулуп, мамлекетти элге кайрып берүү керектигин, уурулардын, коррупционерлердин жүзүн ачып, кийинки парламенттик шайлоодо кесипкөй адамдардын келишине болгон аракетти жумшоо зарылдыгын белгиледи. Кыймыл түзүүнүн демилгечиси Ширин Айтматова Elgezit.kg редакциясына маек курууга макул болду.

«Айрымдар менин партия түзбөй жатканыма нааразы»

— Азыркы учурда кыймылга кошулгандардын саны канча болду?

— Учурда “Үмүт 2020” кыймылы көбүнчө интернетте актуалдуу болууда. Ал эми жолугуп жаткан активисттер аз. Бирок баардык жактан, аймактардан айылдардан жазышып: “Качан биз жакка келесиңер? Биз силерди күтүп жатабыз” дешүүдө. Бизге жазып жаткан мигранттар да көп. Ошондуктан так санын билбейм. Бирок айрымдар паспортунун сүрөтүн жөнөтүшүп: “Биз силердин кыймылга кошулгубуз келет” деп жазышууда. Бирок мунун баары интернет аркылуу болуп жатат. Мен санга деле көп көңүл бурбайм. Менин тарапташтарым коомчулук менен байланышуу иштерине көп көңүл бурушууда.

Жолугуп, саясий абалды талкуулоого кызыккандар көп. “Бышып, жетилген” жаштар көп жана алар кыймылдын жашоосунда активдүү катышууну каалашууда.

— “Үмүт 2020” программасынын артында ким турат? Силерди колдогон саясий күчтөр барбы?

— Күлкүнү келтирген суроо экен (жылмайып). Социалдык тармактарда ар кандай ойго келбеген имиштерди айтышууда, бирок айтып коеюн: менин артымда эч ким турган жок. Буюрса, келечекте эл турат деп ойлойм. Айрым саясатчылар менен байланышы бар деп жатышат – менин Акаевдер менен эч кандай байланышым жок. Эгер кааласаңар интернетте сүрөт бар ошону таап көрсөңөр болот. Мен Нью-Йоркто кыргыз студенттери менен бирге Акаевге каршы чыкканбыз, ошол сүрөттөр бар. Ошондуктан бул имиш күлкүнү келтирет. Мен атам (жазуучу Чынгыз Айтматов- Elgezit.kg) менен Акаев тууралуу талаш-тартышка да баргам.

Биздин катарыбызда менден жаш, билимдүү, активдүү жарандык позициясы бар адамдар бар. Мен аларга суктанам. Алар үчүн аракет кылгым келет. Ал эми азыркы саяатчылардын бири менен дагы эч кандай байланышым да, кызматташтыгым да жок.

— Кыймылдагы сиз суктанган жаштарынын аттарын атай аласызбы?

— Бул кыймылды бийлик провокация катары кабыл алышы мүмкүн, ошондуктан тарапташтарымды кандайдыр бир коркунучтарга калтыргым келбейт. Азырынча мен кыймылдын атынан сүйлөгөн адаммын.

— “Үмүт 2020” кыймылын сизден башка эч ким координация кылбайбы?

— Координаторлор бар. Бирок азырынча биз аларды жол-жоболоштура элекпиз, мен аларды ашыкча көңүл буруудан жана коркунучтан алыс кармагым келди. Убагы келгенде өздөрү айтып чыгышат деп ойлойм.

— Видео кайрылуу жасаганыңыздан кийин биригүүнү сунуштагандар болдубу?

— Албетте көптөгөн сунуштар, колдоолор болду, сындагандар да жок эмес. Айрымдар мени менен жолугуп, ойлорун ортого салып, кандай иштерди чогу жасай аларыбызды талкуулап жатышат. Айрымдар менин партия түзбөгөнүмө нааразы: “Өлкөнү кантип өзгөрткөнү жатасың?” дешүүдө. Башкалар болсо тескерисинче: “Сен баары бир Жогорку Кеңешке барасың. Мен ишенбейм” дешүүдө. Менин кыймыл түзүп жатканымды ар ким ар түрдүү түшүнүүдө. Мен азыр сиздерге иш кандайча жүрүп жатканын кенен айтып берем, баары ачык-айкын.

«ЖКга жана мамкызматка барбай эмне иш жасаса болот?»

— Сиздин кыймылыңыздын концепциясы тууралуу айтып берсеңиз.

— Мен Жогорку Кеңеште, мамлекеттик кызматта иштебеген адам өлкөдө болуп жаткан окуяларга кантип тасир бере алат деп көпкө ойлондум. Бизге (Кыргызстанга) люстрация керек экен деп ойлодум. Бирок саясатчылар өзүбүздү люстрация кыла албайбыз, ошондуктан мен коомдук люстрация кыймылын түзүүгө аракет кылып жатам. Объективдүү каралган маалымат аркылуу бизде Өкмөттүн мүчөсү, Жогорку Кеңештин, президенттик аппараттын кызматкерлери канчалык деңгээлде таза экенин баалоо стандарттары болот. Алар маңдай тери, ак эмгеги менен иштеп жаткан жеринен канча каражат тапканы каралат. Көпчүлүк аткаминерлер жакшы жашап жатышат. Баарыбыз алардын орточо айлыгы 30 миң сом экенин билебиз.

“Үмүт 2020” – бул таза шайлоо үчүн дагы түзүлгөн кыймыл. Жакындап калган Жогорку Кеңешке шайлоо өлкө үчүн чечүүчү болот деп ойлойм. Биз анын таза өтүүсү үчүн күрөшүүбүз керек. Мисалы, шайлоого бир ай калганда бирдиктүу тизме берп койгондору туура эмес, кааласаң да каалабасаң да шайлоого барып, бирин тандоого туура келүүдө.

Партиянын тизмелерине таасир берүү үчүн ар бир талапкер боюнча тизме чогултууга аракет кылабыз. Эгерде айрым партиялар сунуштаган адамдар боюнча күмөн ойлор жаралса, анда аны тактап чыгабыз. Мыйзамсыз байуу мен үчүн абдан кызыктуу тема. Баарын электен өткөрөбүз. Коомчулук жапа тырмак киришип, Жогорку Кеңешке келип, элдин жүгүн аркалоого татыксыз деп табылгандарды партия тизмесинен чыгарууга күчүбүз жетет деп үмүт кылам.

Бул механизм добуш берүү аркылуу ишке ашат, ар бир биздин иликтөөбүз, ар бир программабыз боюнча добуш берүү болот. Эгерде жыйынтыгында кимдир-бирөөгө ишеним болбой, ал ак эмгеги менен акча таппаганы аныкталса, анда коомчулукту көтөрүп, партияга жана бийликке таасир берүүчү аракеттерди кылабыз, себеби ал таза депутат болуп, өлкө үчүн иштебейт. Партиянын тизмесинде 3-4 коррупционер аныкталса, анда бул партиянын беделине шек келтирет.

Ошондуктан бул финансылык жактан көп деле чыгым талап кылбаган кыймыл десем болот. Эл тарабынан кандайдыр бир көзөмөл болушу үчүн ал эффективдүү кыймыл болот деп ишенем. Азыр Жогорку Кеңеште болуп жаткан иштер элдин жашоосун чагылдырбайт. Элден эмне каалап жатышканын сураган киши жок, эл менен талкуу кылган, алардын оюн эске алган киши жок. Элди тоодон түшүп жатканда эле эстешет. Инвесторлор менен ызы-чуу болгондо дегендей. Элден эч ким кандай өлкөдө жашоону кааларын сураган жок. Өз пикирлерин гана таңуулап келишет. Парламенттик жана президенттик шайлоо алдында гана келишип жылкы союшуп, тойгузуп кетишет. Болду.

Кыймылдын экинчи фазасы маалыматтык акцияларды массалык түрдө өткөрүүдөн турат жана алар шайлоого баргандарга, добуш бербегендерге жана шайлоого алгачкы жолу бара жаткандарга тиешелүү болот. Биз аларга добушун сатпоо эмне үчүн маанилүү экенин түшүндүрөбүз. Балким бул куру сөз катары кабыл алынышы мүмкүн, бирок азыр шайлоодо добуштар 5 миң сомго чейин сатыларын баары эле билишет. Кеп шайлоодо добуш сатып алууну көздөгөн партиялар тууралуу болууда. Мен бул көрүнүшкө каршы турууга аракет кылам.

Бизде өлкөнү элге кайтарып берүүгө жана укуктарыбызды коргоп, демократияны кайтарып алууга мүмкүнчүлүк бар.

«Жаш депутаттар баалуулуктарын сатып жиберишти»

— Сиз люстрация жүргүзүп, мыйзамсыз байыган коррупционерлердин жүзүн ачабыз дедиңиз. Сиздин кыймыл соттун функциясын өзүнө жүктөп алып жатпай элеби?

— Биздин сот системасы менен соттун чечимдеринин акыйкат, адилеттүү болуп жатканына ишенип болбойт. Эгер сен 15 жыл аткаминер болуп, 2 хансарайың, акыркы үлгүдөгү унааң болуп, балдарың жеке мектептерге барса жана сенин аялың, чоң апаң, өзүн ушунун баарын ак эмгегиң менен тапканыңды далилдей албасаң, анда сен коррупционерсиң. Сени коррупционер деп аташ керек жана жаштар өкүл ата коюп, тойлорго чакырып, төргө отургузбашы керек. Мындай адамдар жогорку кызматка барбашы керек.

Биз ишенген жаш депутаттардын баалуулуктары алмашты. Алар акылдуу саясатчы болуп кетишкен жок. Алар болгону сатылма болушту. Мен мындай жаш саясатчыларды колдогум келбейт. Биз баалуулуктар алмашкан процессти токтотушубуз зарыл.

Уурулук менен жакшы жашоодо жашап жаткандар өлкөнү башкарбаш керек. Бул менин пикирим. Аны көпчүлүк колдойт деп ойлойм. Эл уурулардан тажады. Эл арасындагы мындай нааразычылыкты көптөн бери көрө элек болчумун.

2010-2011-жылдары Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенимде элде үмүт бар болчу. Мага, Жоомарт Сапарбаевге, Дастан Бекешовго окшогон ишенчээк депутаттар келгенбиз. Атмосфера такыр башкача болчу. Азыр болсо лидерлер жок. Коркунучтуу чуулар (Нарындагы инвесторлор менен болгон жаңжал же Кой-Таш, уран) чыкканда баары үн катпай, кайдадыр жоголуп кетишет. Депутаттар, Өкмөт мүчөлөрү эч ким жок. Алардын баарына бийлик менен достук мамиледе болуу пайдалуу. Ошондуктан биз оппозицияны жоготтук, акыркы эки чакырылышта тең оппозиция жок болду десем болот. Биринчиден, айымдар квотасы сакталбай келет. Жогорку Кеңеш өзү аялдарга көз жумуп койгон. Бул абалды кантип оңдош керек билбейм. Бирок өзгөрүү болуш керек. Биз белгилүү бир туу чокуга жеттик деп санайм. Мындай абал дагы деле улана берсе, жашообуз азыркыдай эле болот.

Сени тоногон, а сен болсо эмне кыларыңды билбеген өлкөдө жашагыңар келеби? Аткаминерлер болсо көңүл ачып жүрүшөт, алар реалдуу жашоодон такыр эле алыс. Ошондуктан биз өзгөрүүгө алып келген жаңы адамдардын келишин камсыздашыбыз керек. Кандай абал болбосун тынч отура берген бизнесмендер сыяктуу “жаңы адамдар” эмес, оппозиция болуп, чындыкты айткандар келиши керек. Алар бизди, элди коргошу керек.

— Бүгүнкү күнү кайсы жаш саясатчыны колдобойт элеңиз, айта аласызбы?

— Матраимовдун тоюна баргандардын бирин дагы колдобойт болчумун. Матраимовдор менен байланышкан окуяда унчукпай отурган парламенттегилерди да колдобойт болчумун. Ким Матраимовго каршы сүйлөдү? Элвира Сурабалдиева (бир жолу пикирин билдирди) жана Дастан Бекешев. Бул демек, 120 депутаттын экөөсү гана. Жалпылап айтканда, мен 118 депутатты колдобойт экенмин (күлүп).

«Рейдерчиликтен бизди эч ким коргой алган жок»

— Райымбек Матраимов тууралуу сөз болуп калды, суроо бербесем болбойт. Анын сүрөтү менен футболкаларды чыгарып, ага каршы кампания жүргүзүү идеясы кайдан келди? Буга окшогон акциялар уланабы?

— Менин башымда жаңы ойлор көп (күлүп). Мен көптөгөн акцияларды пландап койдум. Келечекте шайлоо таза өтүшү үчүн визуалдык белгилер менен иштегим келип жатат.

Мен Жогорку Кеңештен кеткенде менин үй-бүлөм бизнеске эле үмүт артып калдык. Бул бизнеске акыркы акчамды, досторумдун каражатын салдым. Бул бизнес рейдерчиликке туш болду. Ал күндөр мен жана балдарым үчүн өтө коркунучтуу күндөр болду. Бул мени адам катары өзгөрттү. Мен камырабай жашачумун – Айтматовдун кызы, бешинчи чакырылыштын депутаты…өтө акылдуу эмес (жылмайып). Мен өзүмдү албетте сындап турам деңизчи. Мен өнүгүп, өсүп, жакшы жакка өзгөргүм келип турат.

Рейдерчилик мага адамдын жашоосун кантип талкалап койсо болорун көрсөттү. Биздин өлкөдө кимдир бирөө ушундай абалга кептелишин каалабайм. Кечээ эле жакшы жашоодо жашап жатып бүгүн баарынан айрылып калган жаман экен. Эч ким сени коргобойт. Биз депутаттарга да чалып, кат жаздык. Бир дагы адам бизди коргогон жок. Жалгыз эле Дастан Бекешев бизге карызга акча берди, ал үчүн рахмат.

Сиз оппозициянын башында турууга даярсызбы?

— Билесиңерби, мен жашоомдо баарына каршымын. Мүнөзүм ушундай. Бирок, коррупционерлерге каршы жана парламентти тазалоо кампаниямды оппозиция деп эсептебейм. Чындыгында мен бийликтин жардамчысы болуп жатам деп ойлойм. Бийликтин максаты ушул болуп жана алар бул тууралуу расмий түрдө билдирип жатса, мен эмнеге оппозицияга кетишим керек? Мен өлкөмдүн аброюн коргойм. Кимдир бирөө мен уурулук менен күрөшүп жатканым үчүн мени жазалагысы келсе, бул күлкү келерлик иш болот.

«Депутат болгум келбейт, бул убакытты текке кетирүү»

— Кыргызстанда “жаңы” саясатчылар кандай болушу керек деп ойлойсуз?

— Өз ишин мыкты билгендер болушу керек. Партиялык тизмелерди түзүүдө ар биринин өз орду болушу керек: экономист Экономика министринин ордун ээлеп, аграрлар Айыл-чарба министрлигин дегендей. Анан албетте, мыйзамдарды юристтер жазышы керек.

Бирок эң биринчи кезекте кийинки чакырылыштагы парламент мыйзам чыгарууга мораторий жарыялоо керек. Алар мыйзам жазганынан биздин жашоо өзгөрүп кеткен жок. Мен депутаттардын ишин мыйзам чыгарганына карап баалабайм.

— Мыйзам чыгарууга толук тыюу салуубу?

— Жок, убактылуу. Азыр иштеп жаткан мыйзамдарды, иштебеген нормативдик актыларды анализдеп чыгуу үчүн ушундай кадамга барыш керек. Ошондой эле мыйзамдардын аткарылуу механизмдеринин үстүндө иштөө зарыл. Себеби бизде иштебеген мыйзамдар абдан көп.

Андан кийин гана мыйзам чыгарууга киришиш керек. Акыркы эки чакырылыш кабыл алган кайсы бир мыйзам сиздин жашооңузду жакшырттыбы? Меникин өзгөрткөн жок!

— 2020-жылдагы парламенттик шайлоого барасызбы?

— Жок, шайлоого аттанбайм. Мен 5 жыл Жогорку Кеңештин депутаты болдум, бул убакытты текке коротуу экенин түшүндүм. Эгерде сенин командаң жок жалгыз болсоң сени эч ким колдобойт, ал эми сенин мыйзамдарыңды жөн гана көз жаздымда калтырышат. Мен антип иштегим келбейт. Мен мамлекеттик башкаруу системасында иштебестен эле саясатка таасир бергим келет. Саясатта тамыры чирип калган дарактарды казып чыгуу жана ал жерге жаңы көчөт отургузуу үчүн менин күчүм жана ресурсум жетишет деп ойлойм.

«Уюшкан кылмыштуу топторго мүчө болгондордун аялдары бриллианттар менен түшкөн сүрөттөрүн алышып, күйөөлөрү ЖКга аттанышууда»

— Сиздин оюңузча иштей турган депутаттарды кантип тандоо керек?

— Ошон үчүн “Үмүт 2020” кыймылы иштеп баштады да. Биз коррупционер депутаттар тууралуу гана айтып чыкпастан чындыгында эл өкүлү болууга татыктуу талапкерлер тууралуу дагы маалымат беребиз. Жаңы жүздөр бар болуп, коррупция аз, шайлоо таза өткөн, саясий маданияты жогору Кыргызстанда жашагысы келген адамдар тизмесинде болгон партияларды колдойбуз.

Аны менен катар эле бийликке Лондон жана башка абройлуу жерлерде окуган “алтын жаштар” келишине да каршымын. Билимдүү, өлкөнү өзгөртөм деген жөнөкөй жарандар бар.

Мени балдарыбызга кандай өлкөнү өткөрүп беребиз деген суроо көп ойлондурат. Азыр биз добуш берүү, тандоо укугунан ажыраганбыз, бизди олигархтар жана кландар башкарууда. Биз келечектен айрылдык! Жада калса уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү келерки шайлоого катышууга даярданып жатышат. Ал топтордун аялдары мурда Instagram баракчаларына алтын, бриллианттарын жар салып жүрсө, азыр аларды өчүргөн. Мен муну мындай деп түшүндүм: демек алардын күйөөлөрү парламенттик шайлоого барганы жатышат.

— Клан деп калдыңыз, аны менен кантип күрөшсө болот?

— Ар бирибиз бул түшүнүктү өзүбүзгө жакын жолотпошубуз керек! Жакында эле Facebook тармагында добуш берүү болду, мага добуш бергендердин 50 пайызы түндүктөн, 50 пайызы түштүктөн болду. Башкача айтканда, прогрессивдүү саясатчыга аймагына карабастан бүтүндөй өлкө добуш берет. Азыркы саясатчыларга болсо көбүнчө кайдан туулганына, аймакка бөлүнүп добуш беришет. Демек, ал бүткүл Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой албайт. Коомчулук өзү кландан тажады деп ойлойм. Ошондуктан саясатчыларга, саясий партияларга кысым жасап, клан деген түшүнүктөн арылуу кажет.

«Көңүлүмдө көчөдөгү тентек кызмын, балким президент да болуп калам»

— Аларга кантип кысым жасаганы жатасыз?

— Биринчи кезекте, коом алдында уяткаруу менен. Экинчиден, Райым Матраимовго каршы жүргүзгөн сыяктуу маалыматтык кампаниялар аркылуу. Бул кампаниялардын максаты – коррупционерлерди партиянын тизмесинен чыгарып, аны чынчыл адамдарга алмаштыруу. Эсиңиздерде болсо өткөн шайлоодо жакшы чакырыктар менен бир нече жаш партиялар чыккан. Бирок шайлоодон бири да өтпөй калды. Себеби алар жеңишке жетиши үчүн эски партиялар ордун бошотушу керек эле да. Алар бул кадамга барышкан жок. Себеби жан багуунун жолу ушул. Ошондуктан биз алардан жол бошотуп, жаш саясатчыларга жол ачуусун талап кылышыбыз керек.

— Келечекте өзүңүздү президенттик кызматтан көрө аласызбы?

— Президентпи? Билбейм (күлүп). Бул тууралуу ойлонуу эрте деп ойлойм. 42 жашка келип калдым, 2 баланын энесимин, бирок көңүлүмдө көчөдөгү тентек кызмын. Ошондуктан так жооп бере албайм. Бирок кандай болгон күндө дагы өлкөдө таза президент болсо дейм. Азыркы президентти туугандары жана башка жакындары бузуп салышпаса экен дейм.

Ошондой эле парламентибизде чыныгы күчтүү оппозиция болсо дейм. Кыргызстанда акыркы эки чакырылыштан бери оппозиция жок. Депутаттар ич ара урушуп, Өкмөт мүчөлөрүн тилдегени менен көчөгө чыгып эле оппоненттери менен саунага барышып, келечектеги биргелешкен долбоорлорун талкуулап жүрүшпөйбү. Чыныгы күчтүү парламенттик оппозиция болсо, биздин президентке ажыдаар болууга жол бермек эмес. Атамбаевди мисалга алсак, чыныгы оппозиция жок болсо абал кандай болорун көрсөттү.

«Атамбаевди бир гана жолу көрүп, абдан катуу урушуп кеткем»

— Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы абал боюнча пикириңиз кандай?

— Мени Атамбаевдин өзгөрүп кеткени абдан таң калтырды. Кой-Ташта ал каалагандар менен сүрөткө түшүп, жеңил бийге түшүп, эл үчүн мал союп, бир сөз менен айтканда, өзүн жөнөкөй киши катары көрсөтүп жаткан. Бул трибунада туруп алып баарын жамандап жаткан Атамбаевге окшош эмес болчу. Демек, абалга жараша ал да өзгөрдү. Бул мени абдан таң калтырды.

Мен жашоодо жыгылгандарды колдогон кишимин. Бирок бул окуяда бул адамга боорум ооруган жок. Мени эң өкүндүргөнү Кой-Таштагы окуялар өлкөнү дагы экиге, аймактарга бөлүп койду. Балким аны кандайдыр бир башкача жол менен кармоо керек болчу.

— Сиздин бизнести тартып алып жатышканда Атамбаевге кайрылдыңыз беле?

— Жок, кайрылган эмесмин. Мен Атамбаев менен бир гана жолу сүйлөшкөм жана ошондо катуу урушуп кеткенбиз. Андан соң бул адамды көргөн жокмун.

— Эмне себептен урушуп кеттиңер эле?

— 2012-жылы балдар үйү боюнча урушканбыз. Мага ошол убакта Бишкектин мэри болуп турган Иса Өмүркуловго нааразы болгондор кайрылышкан. Ал ушул балдар үйүн таарынтып жатат деген таризде. Мен Атамбаевге барып, анын Иса Өмүркулову балдар үйүн таарынтып жатканын айтып, жардам сурагам. Атамбаев мага ачууланып Иса Өмүркулов абдан жакшы мэр экенин, Бишкекке кандай кооз гүлдөрдү отургузганын кара деп, анын эң жакын досу экенин айтып урушкан. Эми, анын сүйүктүү Өмүркулову аны сатып кеткенде Атамбаев ошол сүйлөшүүбүздү эстесе керек.

—Өлкөдө мындан ары саясий абал кандай болот деп ойлойсуз?

— Эл парламентке кайрадан эле олигархтар келип, Кыргызстандын саясатын менчиктештирип алышат деп коркуп жатышат. Мындан ары абал кандай болорун да билбейм, бирок Жогорку Кеңешке келүүгө аракет кылган уурулар жана коррупционерлер менен күрөшүүгө даярмын.

«Биз Айтматовдун атын түбөлүккө калтырабыз дей бербешибиз керек»

— Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгын кантип туура жайылтуу керек?

—Бизде китеп окушпайт экенин көрүп жүрөм. Жаңы муун башка жолдор менен маалымат алууга көнүп калганда аларды оку деп кыйноо канчалык мүмкүн экенин билбейм. Айтматовдун чыгармаларын искусствонун башка жолдору менен деле жайылтса болот.

Биз анын атын дайыма эле түбөлүккө калтырабыз дей бербешибиз керек деп ойлойм. Анын ордуна Чыңгыз Айтматовдун ордун жүз Айтматов баскыдай шарттарды түзүүбүз зарыл. Дүйнөнүн мыкты жогорку окуу жайларында Айтматов атындагы стипендия болсо, жетимдер ал жактарда окууга мүмкүнчүлүк алса. Себеби биздин калктын аялуу катмарлары биздин өлкөдө келечегин көрө албайт. Ошондуктан көпчүлүк бул жакта үй-бүлөсүн, балдарын калтырып башка өлкөгө иштеп кетишүүдө. Мигранттардын балдарына өзгөчө көңүл буруу керек деп эсептейм. Эстеликтерди тургузууга, комплекстерди курууга кеткен каражаттарды мигранттардын балдарынын билим алуусуна жумшасак жакшы болмок. Себеби азыр өлкө мигранттардын эсебинен эле жашап жатпайбы. Инвестициялар жок, өндүрүш жок, баарыбыз тең мигранттар жөнөткөн акчалардын эсебинен жашап жатабыз.

Маектешкен Каныкей МАНАСОВА, Семетей АМАНБЕКОВ.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.