Жалал-Абадда 5 май куюучу жай талаптарга жооп бербейт

Окуялар тизмеги 08 Окт 2019 14:38
0 ой-пикир

Мамлекеттик экотехинспекциянын Сузак райондук жана Жалал-Абад шаардык аймактык башкармалыгынын башчысы Бекжан Султангазиев «Азаттыкка» билдиргендей, алар текшерүүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.

— Бир бекеттин иши сотко өтүп, бир иш прокуратурага берилген. Учурдагы туура эмес курулган дагы эки май куюучу жайдын ишин сотко жана бирөөнү прокуратурага даярдап жатабыз. Булардын баары турак жайлардын жанында орун алып, өрт коопсуздук эрежелери сакталган эмес, — деди Султангазиев.

Шаар аймагында үч нефтебаза, үч мунайды кайра иштетүүчү завод жана 43 май куюучу жайлар бар. Экотехинспекция май куюучу жайларды текшерип, экологиялык жана өрт коопсуздугун сактабагандыгы үчүн бир тобуна 275 миң сом айып пул салды. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.