«Уулу атасы үчүн жооп бербейт». Өмүрбек Текебаев Алмазбек Атамбаевдин уулу менен түшкөн сүрөттүн тарыхын айтып берди

Аналитика, Статьялар 08 Окт 2019 14:17
1 ой-пикир

Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg. редакциясына берген эксклюзивдүү маеги

— Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин уулунун үлпөт тою кызуу талкууланууда. Бизде мурда эле тойлор саясий иш-чарага айланып келген. Жаштарды, той кайсы жерде өткөнүн эч ким талкуулаган жок. Ким чакырылганы, ким ким менен сүйлөшүп жатканы эң көп сөз болууда. Тойго Өмүрбек Бабанов экөөңүздөрдөн сырткары Адахан Мадумаров, Үсөн Сыдыков, Өмүрбек Суваналиев, жада калса Райым Матраимов да келгени айтылууда. Буга чейин бири-бирин жек көргөн, ММКлар аркылуу жана бетме-бет дагы бири-бирин сындап келген саясий оппоненттердин бир залда чогу болушу коомчулукта буларда принцип жок экен деген ой жаратты. Буга эмне дейсиз?

— Ал жакта чындыгында эле ар түрдүү көз карашты карманган саясатчылар көп болду – бул чындык. Парламенттин ар башка фракциясынын депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, чыгармачылык жана илимий интеллигенция өкүлдөрү болгон белгилүү жазуучулар, окумуштуулар, сыйлуу аксакалдар дагы болду. Бир сөз менен айтканда, баардык саясий режимдердин жана социалдык катмарлардын өкүлдөрү келишти.

Ал эми саясатчыларга келсек, саясий көз караштар бул башка, ал эми адамдык мамиле жана салт бул такыр бөлөк нерсе деп ойлойм. Келгиле, бирөөнү экинчиси менен аралаштырбай эле коелу. Бир гана Кыргызстанда эмес, башка өлкөлөрдө деле саясатчылар бири-бирине каршы болуп, парламенттик трибунадан бири-бирин сындап келет, бирок бул аларга ар кандай коомдук иш-чараларда чогу болгонго тоскоол болбойт. Бул кадимки эле көрүнүш. Кеп саясатта гана эмес, жашоосунда душман болгондор тууралуу эмес. Дегеним, чектен ашып, жеке адамды басмырлап, адамдык сапатка чейин асылып, шылдыңдагандар болсо анда саламдарын алик албай, ал адамды байкамаксанга салса болот.

Анын үстүнө той деген салтанаттуу иш-чара да, ал жакка тар чөйрө гана чакырылат. Ошондуктан чакырылгандардын арасында кадимки жашоодо аз гана жолугушкан же бири-бири менен такыр сүйлөшпөгөн адамдардын бар экенинен мен эки жүздүүлүк көргөн жокмун. Тойго чакырылчуларды той ээси аныктайт. Ал өзүнүн мамилелештерин чакырат. Коноктордун арасында сага жакпаган адам боло турганын билсең баш тартып койсоң болот. Мен чакыруудан баш тартууну каалаган жокмун. Мен Руслан Казакбаевди көптөн бери билем, өтө оор, маанилүү учурларда ал менин тагдырыма кайдыгер караган эмес. 2006-жылы Польшада мени баңгизаты менен кармалды дешип камакка алышкан. Польшанын соту мени актап, кое бергенде биринчилерден болуп Кыргызстандын жарандарынан Болот Шер жана Руслан Казакбаев мени тосуп алышкан. Мындай учурлар унутулбайт. Мен камактагы кезимде Руслан Казакбаев мага келген. Муну унутуп, жашоомдон чийип салуу мүмкүн эмес. Камакта болгондор мындай учурдагы колдоолордун баасын билишет, сени гана эмес сенин үй-бүлөңдү колдоп, көңүл буруп, жада калса жакшы сөз айткандардын дагы колдоосу унутулбайт. Мындай жакшылык эч качан унутулбайт жана жакшылыкка жакшылык менен жооп кайтарганга аракет кылышат. Ошондуктан коноктор ким экенине карабастан мен Казакбаевдин уулунун үйлөнүү тоюна келишим керек болчу.

— Түшүнүктүү, келиңиз эми Кадыр Атамбаев менен түшкөн сүрөт тууралуу сөз кылалы…

— Раиса Атамбаева жана Кадыр Атамбаев коноктордун баары келип, орун алып калгандан кийин келишти. Алар эң четки столго, сахнага далысын салып отуруп калышты. Кечээ эле алардын аброю башка болчу. Алар эң сыйлуу орундарда отурушчу. Кандай салтанат болбосун алардын келип катышуусун каалашчу. Баары өзгөрдү. Алар Раиса Атамбаева жаштарга каалоо-тилек айткыча отурушту дагы андан соң кетип калышты. Атамбаев камалгандан кийин алар биринчи жолу коомчулукка чыгып, бул учур алар үчүн маанилүү болду деп ойлойм. Алар сыйлуу эмес жерде отуруп, элдин көз карашын көтөрүп отурууга даяр болушкан. Балким, муну алар үй-бүлөсүнүн, Атамбаевдин атынын калыбына келүүсүнө, аны коргоого жасалган кадам деп санашты. Көрдүңөрбү, биз жеңилбейбиз, бизди чакырып жатышат, демек биз барбыз жана биздин позициябыз маанилүү жана кызыктуу деп көрүнгүлөрү келди. Алар үчүн алардын чакырылганы маанилүү болгону көрүнүп турду.

— Кадыр Атамбаев кантип сиздин жаныңызда болуп калды? Жакында эле социалдык тармактарда сиз тууралуу жаман кептерди айтканы да эсибизде.

— Биринчиден, ал кечирим сураган. Экинчиден, силерге бир окуяны айтып берейин. 2002-жылы мен Аскар Акаев баштаган делегация менен Малайзияга бардым, кайра кайтып келе жатканда Делиге кайрылдык. Ал учурда Бакыт Бешимов Кыргызстандын Индиядагы элчиси болчу. Биздин делегация чоң залда болчу, Бакыт Бешимов дипломат катары бир ишти туура эмес жасап койду. Азыр эми майдалап айтпай эле коеюн, себеби ал маанилүү эмес. Ошондо мен аны көпчүлүктүн көзүнчө сындадым. Өтө катуу сындадым. Анын аброюна шек келтирдим. Кабыл алып жаткан тарап катары Бешимов баарын укту, арданып жатканын көрсөткөн жок. Ошол эле учурда мен бурчта турган жаш баланы, өспүрүмдү байкадым. Ал таң калып, жалдыраган көзү менен бизди карап туруптур. Кийин ал Бакыт Бешимовдун уулу экенин билдим.

Менин биринчи кесибим мугалим. Балдар ата-энелери үчүн абдан тынчсызданышат жана муну ачык билдиришпейт. Ал сыймыктанып жүргөн атасын элдин көзүнчө сындап жатканда ал бала кандай абалда болгонун элестетип жатам. Ал бир нерсе кылайын десе алсыз болчу. Бул окуяны эстегенде азыркыга чейин жаман болом. Учурдан пайдаланып Бакыт Бешимовдун уулуна кайрылып кетким келет, мен туура эмес кылдым, сенин атаң татыктуу адам.

— Демек, бул сиз Атамбаевди дагы татыктуу адам деп эсептейсиз дегенди билдиреби? Дегеним, бүгүн Азимбек Бекназаров Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү керектигин билдирбедиби. Сиздин Кадыр Атамбаев менен чогу түшкөн сүрөтүңүздү Атамбаевге карата колдоо катары карасак болобу?

— Келгиле, бурмалабайбыз. Алмазбек Атамбаев кылган иштери үчүн мыйзам боюнча жооп бериши керектигинен бир секунд дагы күмөн санабайм. Ага дагы көп күнөөлөр коюларына ишенем. Бул башка кеп.

Бирок ошол эле учурда Кадыр Атамбаевдин атасын коргогонго толук акысы бар деп эсептейм. Ал өзүнүн үй-бүлөсүнүн, атасынын аброюн коргогонго милдеттүү. Ал муну кандай жол менен кылат башка кеп. Бирок анда мындай укук бар жана коомчулук тарабынан кабыл алынышы керек.

— Сизден жана Өмүрбек Бабановдон ал колдоо күттү десек болобу? Бириңерди жасалма иш боюнча күнөөлөп темир тор артына камады эле, экинчиңерди саясий себептер менен кылмыш ишин козгоп, өлкөдөн кеткенге мажбур кылды…

— Кадыр Атамбаев бизге эмнеге келди билбейм. Анын кандай планы бар эле, эмнеге далалат кылды же балким бул күтүүсүз кабыл алынган чечимби билбейм. Бирок буга чейин менин балдарым, жубайым колдоо сөздөрүн күтүп жүрүшкөнүн билем. Бул аларга ишеним берчү. Ар түрдүү адамдардын колдоосу менен менин үй-бүлөм бул оор сыноодон өттү. Жакында эле мен Жантөрө Сатыбалдиевдин балдары жана жубайы менен жолуктум. Алардын абалын түшүнүп турам. Анын жубайы менен балдары жолугушуудан баары жакшы болот деген ишеним менен кетишти. Мен аларды колдошум керек болчу, аны кылдым.

Учурда Атамбаевдин баласы дагы ушундай абалда турат. Кайрадан айтам, Кадыр эмнеге бизге келип, сүрөткө түшкөнүн билбейм. Мен аны ал Бабанов менен сүйлөшүп жатканда көрдүм. Бабанов менин келүүмдү суранды, Кадыр сүрөткө түшкүсү келип жатканын айтты. Баш тартсам болот беле? Туруп келбей кое алат белем? Жок, андай кыла албайт элем. Бул төмөн түшкөндүк болмок. Балдарыма, өсүп келе жаткан муунга кандай үлгү болмокмун. Бешимовдун уулу менен болгон абал мени дагы деле ойлонтот. Тынчтык бербейт. Атамбаевдин баласы менен дагы ушундай мамиле кылсам, анда жашоомдун аягына чейин өзүмдү кечире албайт элем.

Бабанов Кадырга жок дей алат беле? Жок, анте албайт болчу. Бабанов Атамбаевдин үй-бүлөсү менен достук мамиледе болгонун, Кадыр анын көз алдында чоңойгонун жана ал үчүн абройлуу адам болгонун өзү айтып жүргөн. Мындай абалда Бабанов аны өзүнөн алыстатып, жан сакчыларына аны жаныма жолотпогула дей алат беле?

Ал мындай кылса өзүн сыйлабастык болмок. Айланасындагылардын сыйын жоготмок. Кадырга бир нерсе дешим керек болчу. Себеби ал мени сындап, кийин катасын мойнуна алганын билем, ал менин алдымда өзүн ыңгайсыз сезип жатканын көрдүм. Ошондуктан мен ага ката кылуудан коркпошу керектигин, башкысы өз убагында аны оңдой билүү керектигин айттым. Мунун баары ашып кетсе эки мүнөт ичинде болду. Бирок бир заматта айланабызда бир нече камера, уюлдук телефондор пайда болду. Биз жүзүбүздү жаап, камерадан качып жатканыбызды элестетип жатасыңарбы? Бабанов экөөбүз тең мындай сүрөт биз үчүн жакшы болбосун, каршылаштарыбыз сүрөттү өз кызыкчылыгына колдонорун билип турдук. Бирок Атамбевдин баласынын суранычын четке кага албадык. Ал кандай максатты көздөбөсүн баш тарта алган жокпуз. Бабанов экөөбүз туура кылдык деп ойлойм. Башкача мамиле жасасак, анда биз өзүбүзгө болгон сыйды жоготуп алат элек.

«Уулу атасы үчүн жооп бербейт». Өмүрбек Текебаев Алмазбек Атамбаевдин уулу менен түшкөн сүрөттүн тарыхын айтып берди” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Эрнис Керимбаев

    ОМУРБЕК МЫРЗА КОЗУН ЖАЛДЫРАТЫП КАЙЫР СУРАГАН АДАМДЫ КОРУП ЖУРГОНДУРСУЗ АЛ АДАМ АДАМДЫН ЖУЗУН ЭМЕС КОЛУН КАРАЙТ КОЛДОР ТЫЙЫН САНАСА КОЗДОРУ ЖАЙНАЙ ТУШОТ

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.