УКМК: «Инфоком» ишканасынын экс-жетекчисинин тасмасына тиешебиз жок

Окуялар тизмеги 08 Окт 2019 09:15
0 ой-пикир

Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрайымы Алина Шаиковага байланыштуу 20 миң доллар пара жөнүндө интернетте тарап жаткан видеого Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тиешеси жок, учурда аны издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди:

— Быйыл 5-августта Башкы прокуратура А.Шаиковага карата Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш кылгандыгы тууралуу билдирме чыгарып, ага издөө жарыяланган. Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Шаикованы издөө уланууда. Соцтармактарда жарыяланган «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурунку директору Абдуллаевдин видеосуна УКМКнын эч кандай тиешеси жок.

Интернетте “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Талант Абдуллаевге түспөлдөш адам Шаикованын мыйзамсыз иштери тууралуу айтып жаткан видео тасма тарады. Анда Кыргызстанда электрондук паспортко бланктарды алып келүү боюнча тендерде литвалык “Гарсу Пасаулис” компаниясынын өкүлдөрүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн 20 миң доллар алынганы, буга Шаикова үндөгөнү жана акча тууралуу анын иш бөлмөсүнөн сүйлөшүү жүргөнү тууралуу сөз болот.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге чет өлкөлүк беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Соттошуу уланууда.

УКМК тендер чыры боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу кызматкерлер камалган, кийин алар үй камагына чыгарылган. Ал эми Шаиковага иш козголгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.