Кой-Таш боюнча комиссия Кодуранова менен Сегизбаевди чакырды

Окуялар тизмеги 19 Сен 2019 10:48
0 ой-пикир

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны өтөт. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиев, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев чакырылды.

Буга чейин комиссия мүчөлөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында көчмө жыйын өткөрүшкөн. Анда УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүнө документтер топтомун, анын ичинде «өтө жашыруун» делген маалыматтар менен тааныштырган.

Буга чейин комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаков анын жыйындары журналисттердин катышуусу менен өткөрүлөрүн билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.