«Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Москвага барышты

Окуялар тизмеги 14 Сен 2019 15:07
0 ой-пикир

12-сентябрда «Талибан» кыймылынын делегациясы Москвага барып, Ооганстанда тынчтык орнотуу жаатында орусиялык өкүлдөр менен жолукту. Бул визит АКШ президенти Дональд Трамптын «Талибан» менен тынчтык келишимин түзүү тууралуу бир канча айдан берки сүйлөшүү биротоло токтогонун айткан учурга туш келди.

Орусия тарап жолугушуу учурунда талибдер менен АКШнын ортосунда сүйлөшүүлөр кайрадан жанданышы керектигин айткан. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарованын айтымында, Москва Ооганстандан чет элдик аскерлердин чыгып кетиши — өлкөдө узак мөөнөттүү тынчтыкка шарт түзөт деп эсептейт.

«Талибан» делегациясынын башчысы Шер Мухаммед Аббас Станикзай RT телеканалына маек куруп, кыймыл Вашингтон менен сүйлөшүүнү жандантууга макулдугун, эгер улантылбаса, ооган жергесиндеги соккулары улана бере турганын билдирген.

Талибдердин лидерлеринин дагы бири кыймыл эл аралык сүйлөшүүлөрдө Орусиянын, Кытайдын, Ирандын жана Борбор Азиянын колдоосуна ишеним арта турганын «Reuters» агенттигине айткан.

Орусияда бул кыймыл расмий түрдө «террордук уюм» деп таанылган. Ага карабай, «Талибан» делегациясы буга чейин да Москвага бир канча ирет барган.

Белгилей кетсек, АКШда 11-сентябрь теракттарынын кесепетинин 18 жылдыгы эскерүү учурунда президент Дональд Трамп «Талибан» кыймылынын мизи мындан ары «буга чейинкиден дагы катуу майтарылат» деп убада берген болчу.

Мунун алдында Трамп «Талибан» менен тынчтык келишимин түзүү тууралуу бир канча айдан берки сүйлөшүү биротоло токтогонун кабарлаган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.