Өмүрбек Текебаев: «Модин жоопко тартылышы керек»

Окуялар тизмеги 12 Сен 2019 10:34
0 ой-пикир

«Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев орусиялык ишкер Алексей Модинге карата арыз жазып, укук коргоо органдарына кайрылды. Өмүрбек Текебаевдин айтымында, арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Саясатчы Алексей Модинди жалган көрсөтмө бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылууда.

Эске салсак, Орусиянын жарандары Алексей Модин менен Леонид Маевский Өмүрбек Бабанов менен ӨКМнын мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча башкы күбө болушкан.

«Модин айткан нерселердин баары жалган. Мен муну далилдей алам. Ал жалган айткандары үчүн жоопко тартылышы керек», -деди Өмүрбек Текебаев.

Маалыматка ылайык, Алексей Модин суракка алынган. Эми ал Өмүрбек Текебаев менен бетме-бет жолугушат. Белгилей кетсек, жаңы кылмыш мыйзамы боюнча жалган маалымат бергендиги үчүн, Алексей Модин 3 жылдан эркинен ажыратылышы мүмкүн.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген. Биринчи май райондук сотунда саясатчылардын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.