№19 абакка капустага катып телефон берүү аракети болгон

Окуялар тизмеги 12 Сен 2019 09:14
0 ой-пикир

Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 абакка капустага катып телефон алып кирүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) маалымдашты.

Уюлдук телефонду өмүрүнүн аягына чейин кесилген кишиге туугандары алып кирип бараткан. Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) абак жайларга тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө аракет кылгандар жазага тартыларын эскертет.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.