Турсунбековдун Текебаевдин таламын талашам деп КСДП менен мамилеси бузулган

Окуялар тизмеги 04 Сен 2019 10:27
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Ата Мекен” партиясынын үй камагына чыккан лидери Өмүрбек Текебаевдин айткан сөзүнө жооп иретинде ал абактан чыккан саясатчынын абалын түшүнүү менен кабыл аларын белгиледи. Турсунбеков Текебаев камакка алынгандан кийин анын таламын талашам деп Социал-демократиялык партиясынын жетекчилери менен мамилеси бузулган.

— Азыркыдай кырдаалда адамдардын көңүлү назик болот. Аны түшүнүү менен кабыл алам. Бирок Өмүрбек Чиркешович тууралуу менин позициям ошол кездеги командамдын ичинде ар дайым белгилүү болчу. Ал учурда Текебаевдин өзүнүн командасынын айрым мүчөлөрү качып калган. Мен ошон үчүн өз партиялаштарым менен жаман-жакшы көрүнүп, мени Текебаевге жабыштырган сөздөр болгон. Чыныбай Чиркешович деп каймана ат коюу да бекеринен келип чыккан эмес. Текебаев абакка түшкөн соң анын туугандары, жакындарына болгон кысым учурунда аларды коргойм деп жаман-жакшы көрүнгөндү ал жакшы билсе керек. Болгону ошол кезде муну ачык айтып чыккан эмесмин, анткени ал популизм болуп калмак — деди Турсунбеков.

Турсунбеков Текебаев менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мамилесин жакындаштырууга бир топ аракет кылганын да кошумчалады.

2-сентябрда Өмүрбек Текебаев Жалал-Абаддын Акман айылында тарапкерлери менен жолуккан маалда камакка алынганга чейинки абалга токтолуп, парламенттеги санаалаш деп саналган депутаттар өз позициясын айтпай койгонун билдирген.

— 2016-жылы Атамбаев менен чабышып жаткан учурда бизге эптеп шылтоо таап камасам дегени белгилүү болгон. Ошондо мен трибунадан сөз сүйлөп жатканда “Иса мурда чогуу болбодук беле, ай Чыныбай дос эмес белек. Колдоп койгула», — деп кайрылгам. Алардын бири да туура эмес болуп жатат деп айткан эмес” – деген Текебаев.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.