Текебаев Атамбаевдин жубайы тууралуу үн катты

Окуялар тизмеги 02 Сен 2019 17:48
0 ой-пикир

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Текебаев абактан чыккан соң өзүнүн туулуп өскөн айылы Акманга (Жалал-Абад облусу) барып эл менен жолукту.

Жолугушууда «Ата Мекен» партиясынын лидери Раиса Атамбаева анын соттук ишине кийлигишкенин айтты. Анын айтымында Раиса Атамбаева ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин талабын Айгүл Текебаева аркылуу билдирген.

«Айгүл ар бир жолугушууда менден президенттин аялы менен сүйлөшүүгө уруксат сурап жатты. Ал тойлордун биринде чогуу отурганбыз, аны тааныйм деди. Акыры мен ага макул болдум. Атамбаевдин аялы ошондо мен күнөөнү мойнума алышым керек экенин, ошондо гана мен айып пул менен кутула турганымды билдириптир. Ушундай эле сунуш мага адвокаттан да келип түшкөн. Бирок, мен жасабаган кылмышты мойнума ала алган жокмун», – деди Өмүрбек Текебаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева соттук териштирүүлөргө кийлигишип келгенин мурдагы президенттик аппаратта сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүн жетектеп келген Манас Арабаев тергөөдө айтып берген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.