Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу ал эмне себептен Бишкектен чыгып кеткени тууралуу айтты

Окуялар тизмеги 02 Сен 2019 14:24
0 ой-пикир

Жактоочу Таалайгүл Токтакунова эмне себептен үй камагында отурган Өмүрбек Текебаев Бишкектен чыгып кеткенине түшүндүрмө берди.

«Анын апасы жашы өтүп калган улгайган адам. Мындан улам, сотко өтүнүч менен кайрылып сапар алууга уруксат берүүнү суранганбыз. Төрагалык кылган соттон Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагына белгилүү бир мөөнөткө барып келүүгө уруксат алынган», -деди ал.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген. Биринчи май райондук сотунда саясатчылардын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.