Өмүрбек Текебаев: «Кыргызстанда түшпөс хан болбойт»

Окуялар тизмеги 02 Сен 2019 12:22
0 ой-пикир

«Ата Мекен» партиясынын абактан үй камагына чыккан лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн кичи мекени Жалал-Абад облусунун Акман айылында тарапкерлери менен жолугушту. Ал өз сөзүндө өлкөдөгү акыркы окуялар «Кыргызстанда мыйзам бузгандар жооп берет» деген салтты бекемдегенин айтты:

— Акыркы окуялардан соң «Бул эмнеси менен жакшы?» деген суроону жаратууда. Бул «Кыргызстанда түшпөс хан болбойт» деген салтты бекемдеди. Ошондой салтты Сооронбай Жээнбеков улап жатат. Эгерде ал өзү жаман иштесе, төрт жылдан соң мыйзам алдында жооп берет. Бүгүнкү эле көзү тирүү адамдар сурап алабыз. Ал Атамбаевди ушундай тагдырга кириптер кылуу менен чоң жоопкерчилик алып, тобокелчиликке барды.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Атамбаевдин иши боюнча маселеге токтолуп, ага козголгон кылмыш иштери ачык жана калыс иликтениши керек экенин кошумчалады.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.