«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусундагы өзү туулган Акман айылына барды. Ал айылдаштары жана апасы менен жолукту.
Өмүрбек Текебаев айылдаштарынын колдоосуна ыраазычылык билдирип өттү.
«Мен 2 жыл 7 ай түрмөдө жатканда бир күн да өзүмдү жалгыз сезген жокмун. Анткени, мен сиздердин колдооңуздарды сезип турдум. Акман гана эмес өлкөнүн баардык региондорунан колдоолор болду. Алардын саны 100 миңдеп саналат. Андыктан, мен эч чөккөн, сынган жокмун», — деди Өмүрбек Текебаев.
Сүрөт интернеттен алынды