БШК: Текебаевге кайра мандат берилбейт

Окуялар тизмеги 26 Авг 2019 17:09
0 ой-пикир

Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, камактагы экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин мандаты кайра берилбейт.

Ал мыйзамда мандаты алынган депутатка кайра берүү боюнча укуктук ченем каралган эмес деп эсептейт.

Депутаттык ыйгарым укуктары токтотулган депутаттарга карата кайра мандатын алуу жоболору каралган эмес, — деди Бекматов. — Анын үстүнө депутат мандатынан ажыратылгандан кийин кыска мөөнөттө гана доо арыз менен кайрыла алат. Андан өткөндөн кийин арыздар каралбайт. Мындай учурда кайра мандат берилбейт.

Бирок «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Текебаевге карата соттордун «күнөөлүү» деген айыптары жокко чыгарылганына байланыштуу Конституцияга ылайык мандаты берилиши керек деп эсептейт.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.