Чаткал: Тилсиз жоо үй, унаа жана миң түк чөптү жалмап кетти

Окуялар тизмеги 23 Авг 2019 10:31
0 ой-пикир

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсык Ш.Текебаев көчөсүндөгү үйдө болгон.

Маалыматка караганда, үйдүн 156 чарчы метр чатыры, миң түк чөп жана «Тойота Марк 2» үлгүсүндөгү жеңил унаа өрттөндү.

Кырсык балдардын от менен ойногон шоктугунан улам келип чыккан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.