Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Чеч-Дөбө жана Тосту айылдарынын башчысы Кубат Мырзатаев жыйын учурунда каза болду. Бул тууралуу Turmush.kg сайты жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Аксы районунун акими Ыманберди Досбаев эл менен жолугушуп, көйгөйлөрдү угуп жаткан. Ошол учурда К.Мырзатаев эс-учун жоготуп, өзүнө келбей каза болгон.
Маалыматты Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан тастыкташып, айыл башчы буга чейин оорубай эле жүргөнүн билдиришти.
Маркум К.Мырзатаев афган согушунунун ардагери, 55 жашта болчу.
Сүрөт интернеттен алынды