Мектептеги кезек Ош, Жалал-Абад, Токмок жана Кара-Балта шаарларында ишке кирмекчи

Окуялар тизмеги 22 Авг 2019 16:59
0 ой-пикир

Мектепке электрондук кезек менен кабыл алуу системасы 2020-жылдан баштап Ош, Жалал-Абад, Токмок жана Кара-Балта шаарларында ишке кирет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, бул система аталган шаарларда кийинки жылдын февраль айынан тартып ишке кирген жатат.

Буга чейин мектепке жана бала бакчага электрондук кезек менен кабыл алуу Бишкек шаарында иштеп жаткан. Быйыл жыл башынан тартып баш калаада 15700дөн ашык кайрылуу түшүп, анын 91 пайызы мектепке кабыл алынган.

Мындай система бала бакчага жана мектепке кабыл алууда коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгарууну көздөйт.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.