Жарандык активист Адил Турдукулов УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге каршы Башкы прокуратурага кайрылды. Турдукуловдун айтымында, Сегизбаев 2016-жылы «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы каралаган «Белизгейт» чатагы боюнча жалган документтерди жарыялаганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек.
— Абдил Сегизбаев өзү «Белизден атайын документтер келди» деп айтып келген. Бирок бул туура эмес, жалган болуп чыкты. Ошондуктан УКМКнын мурдагы төрагасынын аракеттерине укуктук баа берилиши керек эсептейм, — деди Турдукулов.
Жарандык активист бул боюнча кайрылууну Башкы прокуратурага тапшырганын жана кандай мыйзамдык аракеттер көрүлөрүн күтөрүн кошумчалады.
Бул боюнча Абдил Сегизбаев жана Башкы прокуратура эч кандай комментарий бере элек.
2016-жылы УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы «Альфа Телекомдун» мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан.
Ал сөз болуп жаткан документтерде саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган.
Кийин документтин түп нускасы УКМКда жок экени белгилүү болгон.
Сүрөт интернеттен алынды