Шерадил Бактыгулов, эксперт: “Курсан Асановдун кызматтан кетүүсүнүн формулировкасы ал жасаган иши менен жараткан кесепеттерди эске алганда — бир топ жумшак болду!”

Аналитика, Интервью, Статьялар 21 Авг 2019 11:53
0 ой-пикир

Атамбаевдин кармалышы менен аны колго түшүрүүгө көндүргөн милициянын генералы Курсан Асанов кызматынан жогоруламак турсун, кызматынан кетүүгө аргасыз болгон жагдай орун алды. Ага кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып коюлуп, кылмыш иши козголду. Коомчулукта түрдүү имиштердин күч алышына жем таштаган бул окуянын күңгөй-тескейин билүү максатында эксперт Шерадил Бактыгуловго байланыштык.

 — Шерадил мырза, Курсан Асановдун Атамбаевди колго түшүүгө көндүргөнү баатырлыкпы же чыккынчылыкпы? Бүгүн ага расмий бийлик милициянын сырын саткандай, чыккынчылык менен алек болгондой айып тагып жатат го. Ал кайсы жерден чекилик кетирди?  

— Туура, Курсан Асановго байланыштуу Кой-Таш айылындагы окуя социалдык тармактарда жана ЖМКларда ар кайсы өңүттөгү талкууга, айыптоолорго жана ушак кептерге жол ачып берди. Соцтармактарда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун аракетин баатырга теңешти, а расмий бийлик чыккынчы катары сыпаттады. А чындык, болуп жүргөндөй тең ортодон табылат. Кепти Курсан Асановдун Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, аны кармоого жана кандайдыр бир далил буюмдарды алууга ыйгарым укугу болбогондугунан баштасак туура болчудай.  Анткени, мурдагы орун басар сүйлөшүү жүргүзүү , фиксирлөө жана далилдерди жана буюм далилдерди алуу, шектүүнү кармоо жана аны тергөө кызматына жөнөтүү боюнча иштин бардык процедураларын бузуп, акылга сыйбаган ишке жол берди. Кыскасы, социалдык тармактарда жазылып жаткандай интригалардын курмандыгы эмес, Атамбаевди кармоодо мүчүлүштүктөргө жол бергенинин кесепетин тартып жатат.

— Аны өлкөнүн мыйзамын, уставды жана кесиптик этиканы бузууга кандай жагдайлар түрттү ? Ал пиар үчүн сиз жогоруда сөз кылган катачылыктарга жол бердиби?

— Менимче, мындай кадамга баруусун чечмелеген себептердин тизмесинде өзүн пиарлоо каалоосу эң акырында турат. Атамбаевди алып келүү боюнча иш чараны даярдоодо ИИМдин жетекчилиги план иштеп чыгып, роль жана милдеттер бөлүштүрүлгөн. Күбөлөрдүн айтымында, курчоо беш тосмо менен гана чектелген. Курсан Асановго Атамбаевдин хан сарайынын дарбазасын курчаган милиция кызматкерлерин башкаруу буйругу берилген. Сүйлөшүү жана кармоо башка орун басарга – полковник Алмазбек Орозалиевге тапшырылган. Атамбаевдин статусун эске алуу менен сүйлөшүүлөргө ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев да катышкан. Сүйлөшүү жүргүзүүчү топ үйдүн экинчи кабатына жеткен. Ал жердеги жарандар сыртка чыгарылган, алардын баарына коопсуздукту сактоо эскертилген. Атамбаевге он мүнөттөн кийин чыгуу талабы да коюлган. Ал баш тарткан. Он мүнөт өткөндөн соң дагы үч мүнөттөн кийин атайын бөлүктүн жоокерлери чабуулду баштап, көздөн жаш агызуучу граната колдонулаары эскертилген. Андан кийин атамбаевчилер ойлонууга кошумча убакыт сурашкан. Министр экинчи кабаттагы ага жүктөлгөн постту таштап короого чыгаар замат Курсан Асанов пайда болгон. Камера жана документтештирүүгө керектүү жабдыктарды көтөргөн тергөө-ыкчам тобу тергөө аракеттерин жүргүзүүгө даяр турушкан, бирок Курсан Асанов келип, топту өзүм билемдик менен тапшырманы аткаруудан бошотуп, айдоочусуна уюлдук телефонун карматып, камерага тартууну тапшырган. Жыйынтыгында, тергөө маанилүү күбөлөрдөн куру жалак калды, анткени андан аркы съемканы Асановдун айдоочусу жана Кундуз Жолдубаева тарткан. Чынында алардын аны тартканга ыйгарым укуктары жок болчу. Андан тышкары, Курсан Асанов буюм далилдердин баарына өзүнүн кол изин калтырган, аны менен курал-жарактардагы мурунку кол издерин өчүргөн, ошондой эле кылмыш болгон жердин шартын бузуп, снайпердик уюктан снайпердик мылтыкты алып чыккан. Булар Интернеттеги видеотасмалардан гана маалым болгондор. Анда Курсан Асанов өзүнүн аракеттери менен Атамбаевдин жактоочуларына бул далилдерди жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн бергени көрүнүп турат. Тергөө эми кадр артында калган аракеттерди таап чыгуусу керек. Милиция кызматкеринин колу менен уникалдуу кырдаал жаралды – кылмыштын куралы бар, өлгөн жана жарадар адам бар, шектүү, уюштуруучу жана аткаруучулар бар, а кылмышкер жок болуп калды. Асанов Атамбаевди кармоодо мына ушундай чекиликке жол берди.

-Ал тасмага түшкөн баштык үчүн айыпталып, ушундай чара көрүлгөн жокпу?

— Атамбаевдин кызгылт баштыгы чыны менен өзүнчө көңүл бурууга татыктуу. Соцтармактардагы кадрлардан Асановдун айдоочусунун шефинин колунан оор баштыкты алып, көтөрүп баратканын көрүүгө болот. Андан соң Курсан Асанов кийинки күндүн таңына чейин жоголот, а баштык байкалаарлык “арыктап” адвокаттын колуна тиет. Ошентип, баштык тергөө тобуна өз убагында жетпеген, ичиндегилер эрежеге ылайык документтештирилген эмес. Баштыкта үйдүн документтери болгон, ошондуктан ал адвокатка берилген деген билдирүү баланын сөзү. Тергөөчү аны ишке тиркеп, соттун чечиминен кийин кайтарып бериши керек эле. Эгер анда Атамбаевди актоочу документтер болсо, анда кылмыш болгон жерден алынган документтердин тизмеси түзүлмөк. Анан калса ал жерде Атамбаевдин адвокаты да болгон. А эгер баштыкта Атамбаевди ашкерелеген документтер бар болгон болсочу? Бизге өзүнүн кардарын, мейли ал киши өлтүргүч болсо да күнөөсүн жеңилдетүүчү версияларды ойлоп табууга байланышкан адвокаттын айтканына ишенүүнү сунуштап жатышат. Курсан Асановдун телефондорундагы чалууларды жана кабыл алууларды текшерүү ал Атамбаевдин особнягында жүргөн абоненттер менен канча убакыт сүйлөшкөнүн ачыктайт, бирок факт факт боюнча калат. Асанов ага тапшырылган курчоо чийинин таштап кетти, кызматкерлерин башкаруусуз калтырды жана кылган-эткени менен тергөөнүн маанилүү далилдерин жок кылды.

Бирок, айрымдар Атамбаевди чабуулда өлтүрүүнү каалашкан Асанов аны алдын алууга жетишип калды деп айтып жатышат го? Ишенсек болобу?

— Бул анык келесоолук. Биринчиден – чабуулду КР УКМКнын жоокерлери жасашкан эмес. Видеотасмалардагы кадрлардан көрүнүп тургандай, кызматкерлер кандайдыр бир кол салуу аракеттерин пландашпаган. Алар ачык эле, шашпай киришкен. Анткени, аларга жана кесиптештерине кызматтык үйдүн ачкычын Атамбаев тапшырбады беле. Эл Атамбаевдин мыйзам алдында баары бирдей дегенине ишенген. Бул сөздү Атамбаев ар бир жолу кезектеги саясатчыны камаганда кайталаган – Нариман Түлеевди, Ахматбек Келдибековду, Данияр Нарынбаевди, Өмүрбек Текебаевди жана башкаларды. Ошондуктан алар ок атпайт деп ишенишкен. Жаңылышышты. Болбосо бул экс-мэр Албек Ибраимовду тергөөгө мажбурлап алып келгендей эле операция болчу. КР УКМКнын атайын бөлүгүнүн ушул эле жоокерлери Албек Ибраимовду алып келишкен. Ошондо, Ибраимов Атамбаев сыяктуу эле жансакчылары менен үйүнө жашынып, таш топтоп, карапайым адамдардан чеп жасаган. Анда жоокерлер башка сценарий менен иштешкен – ыкчам, жашыруун жана чечкиндүү.

Аракеттердин хронологиясын эске салсак,  ИИМ КР УКМКнын кызматкери каза таап, анын 19 кесиптешинин өмүрүнө коркунуч туулуп, 20 чакты милиционер ар кандай жарааттарды алган  күндүн эртеси гана особнякка чабуул жасоону пландаган. Атамбаев тирүү керек. Ал буга чейин саясий аутсайдер эле, а кызматтык милдетин аткарып жаткан офицерди өлтүрүү аны кылмышкерге айлантты. Ошондуктан, Атамбаевди өлтүрүү боюнча версия Атамбаевдин, Фарид Ниязовдун, алардын тарапташтарынын жана Курсан Асановдун мыйзамга каршы аракеттерин актоо болуп  саналат.  Укук коргоо кызматынын көздөн жаш агызуучу газы “гламур” жарандык баллондун газы эмес. “Милициялык” газдын концентрациясынын орточо деңгээли Атамбаевдин “коргоочуларын” бункерден чыгып адилеттүүлүктү көздөй чуркашын гана камсыздамак. Окуянын мындай өнүгүшү ар тараптуу жана калыс иликтөө үчүн көп материал бермек. Бирок Курсан Асанов өзүнүн аракеттери менен  кесиптештеринин ишин татаалдатты.

Эмне үчүн Курсан Асановду кызматтан кетирүүдө буга чейинки от күйгөн, нааразычылык күчөгөн жерлерге барганы эске алынган жок?

— Чынын айтсам, Курсан Асановдун кызматтан кетүүсүнүн формулировкасы ал жасаган иши менен жараткан кесепеттерди эске алганда бир топ жумшак болду. Ошондуктан, жакынкы күндөрдө Курсан Асановдун камакка алынышы күтүлөт…

Айтканыңыз турмуш чындыгына дал келе турган болсо, милициянын генералы Атамбаевдин кабарчысына айланышына эмне себеп болду?

— Аны орун басар кылып, генерал чинин таккан башка бир адамга чоң ыраазычылык кармагандыр. Ошон үчүн ошондой тобокелдикке баргандыр. Мүмкүн биргелешкен бизнес-долбоорлору ачыкка чыгаттыр. Анткени, Курсан Асанов менен Икрамжан Илмиянов Атамбаевдин ишенимдүү адамы болгон. Экөө жакшы мамиледе болгон. Ыраазы болуу жана достукту бек сактоо – бул адамдагы жакшы сапат, айрыкча Курсан Асанов түштүктөн, а Атамбаев түндүктөн экенин эске алганда.  Бирок мындай акыбал мыйзамда жеке кызыкчылык мамлекетке кызмат көрсөтүүдөгү кызыкчылыкка каршы келип калгандагы кызыкчылыктардын кагылышы катары такталган. Мыйзамга ылайык, кызыкчылыктары кагылышкан кызматкер түз башчысын бул тууралуу кабардар кылып, операцияга жана башка иш чараларга катышпоого уруксат алышы керек.

Эгер бул кызыкчылыктардын кагылышы болбосо, анда кандай аталат?

-Баса,  полковник Алмазбек Орозалиев эмнеге генерал Курсан Асановго мүмкүнчүлүк бергенин да териштирүү кажет. Асанов бардык буйруктарды жана субординацияны бузуп, арыш таштаганбы? Дагы бир суроо ачык бойдон калууда – эмнеге ИИМдин кызматкерлери жана Атамбаевдин кеңешчилери аны менен суракка өз эрки менен баруунун зарылдыгы жана мыйзамга каршы келген иш-аракети жүзөгө ашпай турганы боюнча сүйлөшүү жүргүзүшкөн эмес. Бул акыл-эстин массалык адашуусубу, же атамбаевчилердин алдын ала ойлонуштурулган аракетиби деген суроо жасалат.

Арина Рысбаева — атайын  Еlgezit.kg үчүн

Сүрөт интернеттен алынды

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, авторлордун пикирлери редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.