Мирбек Атабеков үчүнчү ирет ата статусуна ээ болот

Окуялар тизмеги 21 Авг 2019 14:55
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген учурда Таиланддын Бангкок шаарында жүрөт. Ырчынын жубайы Мээрим Төлепберген үчүнчү наристесин күтүп жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ал маанилүү делинген көп окуялар болуп жатканын, бирок окурмандары менен бөлүшүүгө убакыт жетпей жатканын жазып, себебин дагы түшүндүрө кеткен. «Буга менин кош бойлуулугум себеп болууда. Эми мени кечиресиңерби? Талгак болдум, ичим дагы чыгып жашырууга мүмкүн болбой калды», — деген ал.

Мындан тышкары, ырчынын жубайы мөмө-жемиштер, деңиз азыктары менен тамактанып, ырахат тартуулаган эс алууда экенин кошумчалаган.

Ал эми Мирбек Атабеков жубайынын кош бойлуу экенин 3 ай мурда укканын айтып буларга токтолду.

«Биздин үй-бүлөдө мынча балалуу болуш керек деген чектөө жок. Жубайым кош бойлуу экенин 3 ай мурда сүйүнчүлөгөн. Аябай кубангам, Алла Таалам канча бала насип этсе баарын кабыл алып, чоңойтобуз. Кыргыз калкы аз. Жубайымдын дагы маанайы жакшы», — дейт ырчы.

Сүрөт Инстаграмдан алынды

View this post on Instagram

Самое главное суротто озун эмес, аялын сулуу чыкса болду экен!? @meerisha ?

A post shared by Мирбек Атабеков (@mirbek_atabekov) on

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.