Феликс Кулов: «Бабанов чоң саясатка аралашпайт»

Аналитика, Интервью, Статьялар 19 Авг 2019 10:49
0 билдирүү

Экс-премьер Өмүрбек Бабанов чоң саясатка аралашпай тургандыгын Elgezit.kg басылмасына саясатчы Феликс Кулов билдирди.

— Мен Өмүрбеком Бабанов менен Кыргызстанга экинчиби же үчүнчү күнү бетме-бет жолуктум. Аны менен баарлашканымда, анын саясатка аралашпай турганына ынандым. Учурда ал үй-үлөсү менен гана алек. Ал көптөн бери кичүү кызы менен көрүшө элек экен, ошондой эле башка туугандары менен да жолугуша элек. Азыркы тапта ал премьер-министрликке да же болбосо башка креслого отурайын деген нитети да жок.

Бабанов жарым жыл Кыргызстанда болгон жок. Ал азыр туугандары менен аган алек. Ошондой эле, ага эки иш ачылган, ошону чечүү менен ал жактоочулардан консультация алып, мындан ары эмне кылуу керектиги менен баш ооруйт. Ошондуктан аны саясатка аралаштыруунун кажети жок, — деп билдирет Феликс Кулов. 

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.