Сот Петро Порошенкону детектор аркылуу сурак алууга уруксат берди

Окуялар тизмеги 14 Авг 2019 16:12
0 ой-пикир

Киевдин соту украин бийлигине мурдагы президент Петро Порошенкону салыктан качуу ишине байланыштуу калпты аныктоочу детектор аркылуу суракка алууга уруксат берди. Бул тууралуу Украинанын Мамлекеттик тергөө бюросунун басма сөз өкүлү Анжелик Иванова 13-августта билдирди. Бирок сот чечимине ылайык, полиграфтан өтүүгө Порошенконун өзүнүн да макулдугу керек.

Мурдагы украин президенти калпты аныктоочу детектор аркылуу суроолорго жооп берүүгө даяр экенин, бирок бул процесс «Прямий» телеканалынын студиясында өтүшү зарылдыгын 12-августта журналисттерге айткан.

Порошенко дал ушул телеканал сатылганда төлөнбөй калган салыкка байланышуу буга чейин эки жолу сурак берген. Мурдагы президент бул каналга эч кандай байланышы жок экенин билдирип жатат.

Порошенко быйыл апрелдеги президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Владимир Зеленскийге утулуп калган. Май айында, Зеленский ант берген күндүн эртеси Украинага учуп келген мурдагы президент Виктор Януковичтин президенттик администрациясынын башчысынын орун басары Андрей Портнов Порошенконун үстүнөн арыз жазган. Ал Порошенкону бийликти мыйзам сактап алуу аракети, экономикалык жана башка кылмыштар үчүн айыптаган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.