Прокурордун өлүмүнө шектүү ачкачылык жарыялады

Окуялар тизмеги 13 Авг 2019 11:07
0 ой-пикир

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө айыпталып жатан Мелис Калыков сегиз күндөн бери ачкачылык кармап жатат.

Ал анын ишин караган Ош шаардык сотунун судьясы Жолборс Кудаяровду алмаштырууну талап кылууда.

Шектүү мындай талабын буга чейинки соттук отурумдарда бир нече жолу көтөргөн. Ага карабай аталган сот ишти кароону улантып келген. Акыркы жолу отурум 5-августта болгон учурда да Калыков ишенбестик көрсөтүп, сот анын өтүнүчүн канааттандырган эмес. Сот бүгүн 13-августта уланат.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова Мелис Калыковдун ачкачылык кармап жатканын ырастап, ал суу ичип жаткандыктан абалы оор эместигин билдирди.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында жатат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.