Ооганстан: Жолдогу бомба 11 адамдын өмүрүн алды

Окуялар тизмеги 16 Июл 2019 10:08
0 ой-пикир

Ооганстандын түндүгүндөгү Кандагар провинциясында жолго коюлган бомба жарылып, 11 киши, анын ичинде аялдар жана балдар каза тапты. Провинциянын Хакрез районунда 15-июлда түштөн кийин болгон жарылуудан дагы 35тей карапайым тургун жаракат алган. Бул тууралуу армиянын өкүлү Акмад Сыдык Иса маалымдады. Анын айтымында, жаракат алгандар жакынкы аскердик базадагы ооруканага жеткирилген, ал эми оор абалдагы бир канча киши провинциянын борборундагы бейтапканага жөнөтүлгөн.

Жергиликтүү бийликтин өкүлү Юсуф Юнуси билдиргендей, курмандыктар — зыяратка бара жаткан бир канча үй-бүлөнүн мүчөлөрү жана жакын туугандар болгон.

Бул жардыруу үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Бирок Юнуси жолго бомба коюп, ооган коопсуздук күчтөрүн жана башкаларды бутага алат деп “Талибан” кыймылынын жоочуларын айыптады.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанды калыбына келтирүү миссиясынын билдирүүсүнө ылайык, быйылкы жылдын алгачкы үч айында жолго коюлган бомбалардан 53 карапайым тургун көз жумуп, 269 киши жаракат алган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 21 пайызга көп.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.