Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту

Окуялар тизмеги 12 Июл 2019 19:24
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда, Кыргызстанга расмий визит менен келген Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту.

Мамлекет башчысы бул Аскар Маминдин Казакстандын Премьер-министри болгондон кийинки алгачкы расмий визити экенин белгиледи.

«Казакстан биздин негизги өнөктөштөрдүн бири. Сиздин сапарыңыздын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташуу тууралуу кеңири ой-пикир бөлүшүп, маанилүү чечимдерди даярдоого шарт түзүлдү деп ишенем», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал өзгөчө белгилегендей, Кыргызстан Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин биздин боордош өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча аракеттерин жогору баалайт. Президент Касым–Жомарт Токаев менен жылуу жана ишенимдүү мамилелер түзүлдү.

«Биргелешкен аракеттер менен биз мындан ары дагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрө беребиз. Өкмөттөр аралык кеңештин бүгүнкү жыйынында сиздер бардык маселелер боюнча чечимдерди талкуулап, кабыл алууга жакшы мүмкүнчүлүгүңөр болду деп ойлойм», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев жана Президенти Касым-Жомарт Токаевдин айтып жиберген эң жакшы каалоо-тилектерин билдирди.

Ал бүгүнкү Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында экономикалык күн тартибинде турган көпчүлүк маселелер талкууланып, өз ара пайдалуу макулдашууларга кол коюлганын белгиледи.

«Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда соода жүгүртүү 15 пайызга өстү. Бул жылы биз соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 $ млрд чейин жеткирүү максатын койдук», — деп баса белгиледи Аскар Мамин.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин кыргыз-казак кызматташуусунун бардык актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.