Кыргызстандан чыгарылып кеткен $700 млн. : Финпол «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча үн катты

Окуялар тизмеги 09 Июл 2019 12:48
0 ой-пикир
Экономикалык кылмыштарга каршы кызматы (Финпол) “Азаттыктын” иликтөөсү боюнча текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялады.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта 2010-2018-жылдары Saimaiti Aierken, «Абдыраз» жана «Wufuli Bumailiyamu» компанияларынын банктык эсептери аркылуу жалпысынан 646 миллион 879 миң 649 доллар чет өлкөлөргө жөнөтүлгөнү айтылат.
Акча кездеме, мотор майы, тетик жана башка товарларды сатып алуу тууралуу контракттардын негизинде которулган. Эстетип өтсөк, быйыл май айынын соңунда «Азаттык» жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу журналисттик иликтөөсү коомчулукта чоң резонанс жараткан. Иликтөөдө 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени, ушул эле адамдын атынан Ысмайыл Матраимов атындагы фондго 2,3 миллион доллар чет өлкөдөн кайра которулганы тууралуу сөз болгон. Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.