Комедия соңуна чыкты

Аналитика, Статьялар 05 Июл 2019 14:43
0 ой-пикир

Кой-Таштагы “Элдик штаб” жабылды. Бул бүгүнкү күндүн эсебинен Кой-Таштан келген биринчи жаңылык. Бир нече сааттан кийин КСДП бул маалыматты четке кага баштады. КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Фейсбуктагы баракчасына штаб иштөө режимин өзгөрткөнүн жазып чыкты. Бирок факт деген факт. Баардык коргоочулар үйлөрүнө тарап, Атамбаевдин резиденциясынын аймагы ирээтке келтирилип жатат. Керебеттер, төшөктөр жана казандар складга жеткирилди. Форумда өткөн “Соке болбой калды”, “Эски «элита» кетсин! Жаңы элдик лидерлер келсин!” аталышындагы акыркы митинг дагы элди мурдагы президенттин үйүнөн кетириш үчүн уюштурулгандай.

Акыркы күндөрү Атамбаев анын үйүнүн аймагында топтолгон элден жана алардын ашыкча көңүл буруусунан тажаганы сезилип турган. Ал күн сайын өзүн жакшы алып жүрүүгө, эл алдына чыгып, камера алдында сүйлөөгө мажбур болуп турду. Мунун баары 40 градус ысык аба ырайында жасалып жатты.

3-июлда болгон митинг Атамбаевдин “Элдик штаб” тарыхынын барактарын жапты жана мындан төмөнкүдөй жыйынтык чыгарсак болот:

· Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын, митингде кыйкырып жүргөндөрдүн эмес, чындыгында эле ага кеңеш берчү адамдардын, мисалы Фарид Ниязовдун бийликке каршы туруу долбоору азырынча жок. Революцияга даярданып жаткан учурда эмгек өргүүсүнө кетишпейт жана “гвардияны” үйлөрүнө таратпайт.

· “Элдик штабы” долбоор эмес болчу жана күтүүсүздөн эле, саясий технологиялык колдоосу жок башталып кетти. Муну байкоо оор деле эмес болчу, “Элдик штаб” чыгарган тексттерден, кабыл алган резолюциядан абалдын кандай экени билинип турду. Муну митингде кабыл алынган резолюция да далилдеп турат. Так, даана эмес талаптар, аткаруу мөөнөттөрү такталбаган ж.б.

· Атамбаев болсо чарчаңкы жана азырынча мындан ары кандай кадам кылары тууралуу чечим чыгара электей. Бирок бул бийлик Атамбаев жана анын тарапташтары менен эсептешпей эле койсо болот дегендик эмес. Атамбаев жана анын тарапташтары жакынкы арада ресурстарын аныктап мындан аркы стратегиясын жана тактикасын аныктап чыгат окшойт деген пикирлер бар.

· 3-июлда болгон митингде Атамбаев Жээнбековго активдешпей турганы жана абалды туруксуздаштыруу ою жок экенин тууралуу белги берди – “мен түшүндүм, менин ишим Кой-Ташта отуруп Мээрбек (сөз Мээрбек Мискенбаев тууралуу болду) сыяктуу балдарды тарбиялоо”. Мунун баасы эркиндик болду окшойт.

Бирок бул бийлик кыраакы болбой, абалга көз салбай койсо болот дегендик эмес, себеби азыркы абал башкаларга караганда Жээнбековго түшүнүктүү болуп турат. Азыр Атамбаев тынчтыкты каалап жатат, бирок бул ал каалаган маалында согуш ачпайт дегендик эмес. Себеби мындай кубулма саясат бир нече ирээт болгон.

· Бийлик Атамбаев кайда болбосун, үйүндөбү же темир тор артындабы дайыма туруксуздуктун очогу болорун унутпашы керек. Муну кабыл алып, туура реакция берүү зарыл. Эгерде бийлик туура эмес реакция кыла турган болсо, Атамбаев чуулуу саясатчы гана эмес, режим мененби, адилетсиздик мененби же соттук башаламандык мененби айтор баардык нерсе менен күрөшкөн саясатчынын символу болуп калышы мүмкүн.

· Учурда Атамбаевге көп көңүл бурулуп жатканынын дагы бир себеби, ал жалгыз оппозиция болууда. Бул Атамбаев менен Жээнбековдун араздашуусу саясий эмес, баалуулуктарга байланган, жеке таарыныч болгондуктан келип чыккандай. Бирок кандай болбосун Атамбаев азырынча номер биринчи оппозиционер. Оппозициялык лагерде жаңы чакырыктар менен жаңы лидерлер пайда болгондо гана Атамбаевге көп көңүл бурулбай калат.

Elgezit.kg редакциясы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.