Жээнбеков: «Замандаштар жактырган, урпактар сыймыктанган күчтүү мамлекетти бирге курабыз»

Окуялар тизмеги 01 Июл 2019 17:00
0 ой-пикир

“Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок экенин эзелтен бери уланган тарыхыбыз өзү тастыктап турат”,-деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө Кожомкул Каба уулунун 130 жылдык мааракесине арналган иш-чарада. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Президент билдиргендей, бирге болсок, ата — бабалардын элесине татыктуу болгон улуу жеңиштердин ээси болобуз.

«Карт тарыхыбызга, тереӊ маданиятыбызга, улуу ынтымагыбызга таянып, жашоосу татыктуу, билими тереӊ, дени сак коомду түзөбүз. Замандаштар жактырган, урпактар сыймыктанган, өнүккөн өлкөнү, күчтүү мамлекетти чогуу курабыз»,-деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы иш чаранын катышуучуларын майрамы менен куттуктады. Ал Кожомкул атабыздын кайраты келечек урпактарга күч, дем берсин, мекенчил сезимин ойготсун, жергебизде дайыма тынчтык, элибизде ар дайым ынтымак болсун деген каалоосун билдирди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.