Ыйык орунга талапкерлер тууралуу

Аналитика, Статьялар 28 Июн 2019 13:34
1 ой-пикир

Экс-президентти кол тийбестик укугунан ажыратуу тууралуу жаңылыктар журналисттер үчүн чоң тема болду, алар бул абалга байланыштуу ар түрдүү варианттарды жазышып, келечекке көз чаптырууга өтүштү. Ошондой эле аналитиктер, эксперттер дагы өздөрүнүн божомолдорун айтышууда. Бирок кандай болбосун бир нерсе баарыбызга белгилүү – өлкөдө белгилүү бир өзгөрүүлөр болот, бул саясий фонго гана тиешелүү эмес, бийликтин жана анын оппоненттеринин иш аракеттеринин мүнөзүнө да тиешелүү.

Айрымдар саясий сценадан Атамбаев кеткенден кийин оппозициянын орду бош калабы, Атамбаевди саясий сценадан кетти деп айта берсек болобу деген суроолорго жооп издеп жатышкан маалы.

Саясий серепчи Эмил Жураев ушул жана башка суроолорго жооп бермекчи.

— Азырынча Атамбаевдин саясий аренадан жана оппозициялык талаадан кетери тууралуу айтуу эрте. Атамбаев жөн гана моюн сунуп бербейт, анын куралы бар экенин айтканы, коргонору тууралуу билдиргени жана короосуна адамдарды топтоп жатканы бул курулай нерсе эмес. Ал Албекти үйүнөн кантип алып кетишкенин көрдү, ал өзүн дагы мындай сценарий менен алып кетүүгө жол бербегенге даярданууда. Бирок эгерде ал жакын арада кете турган болсо, анда анын айылдаштары жана тарапташтары кайсы бир убакка чейин оппозиция ролуна талапкер болуп турушат, ошондуктан оппозиция орду бош калбайт. Эгерде бийлик бул учурду эптеп күздөн өткөрүп кышка жетип алса жана башка күчтөр пайда болбосо, анда оппозициялык милдетти алуучулар жокко эсе болот десек болот.

Бир жагынан алганда, Атамбаевди кетет деп айтуу эрте болгону менен ал өтө активдүү ресурс болбой калды. 2020-жылдагы шайлоо дагы Атамбаевди башкы сценадан “кетишине” жарда берет. Алар Жээнбековго жаңы оппозицияны жаратышы керек. Баарына макул болгон партиялардан айырмаланган жаңы партия же кандайдыр бир саясий күч жаралып, радикалдуу оппозиция ролун ойношу керек. Атамбаев менен байланышпаган жаңы оппозиция менен күрөшүү оор болот, бирок күрөшүү ыкмалары өзгөрбөйт окшойт.

-Өлкөдө “оппозиция жок” учур болгону кадимки эле көрүнүшпү жана бул канчалык жакшы же жаман деп айтса болот?

— Оппозиция жок учур жакшы эмес. Равшан Жээнбеков Атамбаев менен бириккенин оппозиция жок болгондон көрө кандай оппозиция болбосун жакшы экени менен түшүндүрбөдү беле. Бул кандайдыр бир деңгээлде туура. Мен анын чечимин эч колдобойм, бирок оппозициялык күч керек дегени талашсыз. Бирок көп учурда бийликти саясий оппозиция эмес, медиа жана жарандык коом сындап турганы эффективдүү роль ойнойт. Менимче, оппозиция жок учурда бул акторлор, өзгөчө медиа бул ролду аткарып турушат деп ойлойм. Ал эми саясатчыларга келсек, оппозиция болот деп ойлойм, ошол эле Равшан Жээнбековдон баштап. Турдукулов, Кодуранова эски КСДПдан башкы ролдорго чыгышат. Ошондой эле салмактуу Мадумаров жана Текебаев дагы өздөрүнүн месседждер менен бат эле сокку уруп коюшат.

Кандай болгон күндө дагы оппозиция жок бийлик бул туура эмес экени жана коомчулуктун өсүшүнө терс таасир берери түшүнүктүү. Президент бир чоң чечим кабыл алышы керек, тарыхый чечим – оппозицияга уруксат берип жана чыдоосу керек, алар менен микрофон аркылуу гана күрөшүп, жада калса шайлоодо утуларына дагы даяр болушу керек. Ушундай жол менен гана тарыхта калса болот.

Бир четинен караганда бизде 2011-2012-жылдардан тарта эле реалдуу оппозиция жок. Текебаевдин өтө узакка созулбаган убакытын кошпогондо. 2018-жылдан башынан тарта Атамбаев чыкканын жана анын бийлик менен болгон мамилесин оппозиция деп атоого мүмкүн эмес, бул жашоо үчүн гана болгон күрөш – себеби каршылаштар саясат тууралуу эмес, кандайдыр бир кылмыш иштеринин алкагында (же айланасында) талашып турушту да.

-Атамбаевди камоо же суракка чакыруу (алып келүү) учурунда анын тарапташтарынын каршылыктары менен коштолсо керек. Күтүлбөгөн аша чапкан натыйжалар да болуп кетиши мүмкүнбү? Эмне кылуу керек?

— Ооба, эгерде бийлик ойлонбогон кадамдарга бара турган болсо, анда бир топ ката кетирип алышы мүмкүн. Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу демилгесин шашылыш көтөрүп чыккандары менимче, бийликти туңгуюкка алып барат. Өтө шашылыш иш кылышты. Атамбаев өзүн коргоо үчүн зомбулук ыкмаларын колдонбойт. Ал качып кете турган жер жок. Күрөш жүрүп жаткан маалда эл арасында Атамбаевди колдоо болуп жаткандыктан бул иштен улам бийликке болгон сын күч алышы мүмкүн. Атамбаевди экс-президенттик укугунан ажыратуу жана кылмыш жоопкерчиликке тартуу бийлик үчүн жакшы кадам эмес. Аны кандайдыр бир убакытка унутта калтырып, эч кандай чара көрбөө керек. Ушундай кадам туура болот деп ойлойм, себеби убакыттын өтүшү менен бул Атамбаевди мыйзам менен эсептешпеген куралдын күчүнө ишенген афгандык командир образын жаратат. Ал өзүнүн чебинде көпкө отура албаса керек. Каршылыктар болушу мүмкүн деп ойлойм, Атамбаев жана анын адамдары атайын провокация кылышы ыктымал. Түштүктөн келчү солдаттар тууралуу айтканынын өзү эле провокация. Мындай иште ал тажрыйбалуу. Жээнбеков дагы, Атамбаев дагы бири-бирин бурчка такап жатышат, балким эки вариант ортосунда тандоо кылуу керек болот – тобокелчилик болсо дагы камоо же (Мотуев сыяктуу) бийликти кабыл албаган талаа командири…

-Парламент абалдын кандай өңүттө өрчүп кетерин түшүндүбү?

— Менимче жок. Алар өздөрү үчүн (бийлик үчүн деп ойлош керек) пайдалуу жагын карашты. Мунун баары бир күндүк эмоциянын артынан чыкты деп ойлойм. Атамбаев тарапта болгондор болсо деле бул процессти токтотуу саясий жактан туура эмес болуп каларын түшүнүштү, себеби алар процессти токтото алышмак эмес.

-Атамбаевдин ачуу сөздөрү болбосо деле парламентке сындар көп айтылып келгени түшүнүктүү. Сындар буга чейинки чакырылыштарга караганда алда канча көп болуп жаткандай. Балким, баары оор мезгилден, өзгөчө

кырдаалдан, ар бир адамдын жеке тандоосунан улам ж.б. себептерден улам башталгандыр. Ушундай сынга кабылып турган абалда парламент мөөнөтү аяктаганча элдин ишенимине кире алабы?

— Ишеничке кире албайт го. Парламент Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга жана жазалоого алып келгени аларга аброй же упай алып келбейт. Бирок ушундай түшүнүк жана кызыкчылыктары менен, менимче, депутаттар коомчулуктун алдында аброю түшүп жатканы менен иши деле жоктой. Аларды бул көйгөй кызыктырбайт. Шайлоого даярданып жатып деле алар аброю тууралуу ойлонушарына күмөнүм бар. Ар бир депутат өз планын ишке ашыруу үчүн өз алдынча иш алып бара баштайт, ал эми бул болсо коомчулуктун көзүнө көп деле көрүнө бербейт. Анын үстүнө алар парламенттин атынан иш жасашпайт. Бирок парламенттин имиджи кызыктуу феномен экенин түшүнүү керек. Институт катары аны эч ким сыйлабайт, шаарда саясаттан кабардар болгон адамдардын, биздин пикирибиз ушундай. Бирок эл кийинки парламентти шайлоого барганда ушул эле же буларга эле окшош депутаттарды тандашат. Жаңылышкан болсом кубанат элем, бирок тилекке каршы, башка нерсени көрө албай турам.

Жоопторуңуз үчүн рахмат!

Elgezit.kg редакциясы

Ыйык орунга талапкерлер тууралуу” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Irena Kelly

    Баарыңарга салам. Мен буга чейин андан кийин Джеймс Майкл НАСЫЯ КЫЗМАТ алардын насыя алган адамдардан, алардын сунуштарын, ошондой эле бир нече саат мурун мен өз ордума, өз жеке банктык эсеп мен суранган 50,000 $ жалпы суммасын тастыктады ылайык колдонууга чечим комментарий жазыла көрдүм. Бул, чынында эле, жакшы кабар болуп эсептелет, алардын электрондук почта аркылуу колдонуу үчүн чыныгы насыя керек ар бир ишчараларды лет (jamesmichaelloanservices@yahoo.com) же WhatsApp +16314912234 мен мен азыр бактылуумун мен суранган насыя алышкан

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.