Атамбаевдин айланасындагы окуялар тууралуу же эмнеге армяндарга суктанууга болот

Аналитика, Статьялар 27 Июн 2019 16:59
0 ой-пикир

Сере ЧАЛКАНОВА — атайын Elgezit.kg үчүн

Бүгүн Атамбаев темасы коомчулуктун бүйүрүн кызытып турган маалы. Өлкөдө талкуу жараткан башкы тема. Жада калса тыным алууга мүмкүн болбой эле, себеби жаткан кишини тепкилебейт эмеспи. Бирок Бермет Букашева Twitter баракчасында жазгандай, биздин “жаткан” адам жөн жатпай эле, ал “тосмолорду курууда, анын ичинде адамдар да бар”.

Кой-Таш сүйлөйт

Кой-Таштан берилген акыркы маалыматтар да коомчулукту кайдыгер калтырбай эле. Атамбаевдин хансарайы жашоого ыңгайлуу жайдан корголгон чепке айланууда. Аймакка кире беришке цемент тосмолор коюлду, таштар түшүрүлдү. Фарид Ниязов болсо таштардын түшүрүлгөнүн курулуш иштери уланып жатканы менен түшүндүрдү, ал эми кире бериштеги цемент тосмолор айрым унааны туура эме башкарган айдоочуларга гана жаратуучу тоскоолдук экенин айтты. Баса, таштарга байланышкан журналисттердин суроосунан кийин аны чөп менен жаап коюуга да жетишишти. Кой-Ташта журналисттер да чогулушту. Алар үчүн боз үйдү элестеткен имараттын ичинде пресс-борбор уюштурулду. “Апрель” телеканалы болсо түз эфир берип, муну саясий куугунтукка алынып камалгандарды колдоочу телемарафон деп аташты. Өздөрүн Атамбаевди коргоо элдик штабы деп атагандар таратып жаткан баннерде Өмүрбек Текебаевдин, Садыр Жапаровдун, Аида Салянованын сүрөттөрү тартылганы дагы кызык болду. Фарид Ниязов болсо саясий куугунтукка кабылып камалгандарды коргоочулардын демилгеси менен чыккан бул баннерге аталган адамдардын сүрөтү чыкканын бул алар менен макулдашуу болбогондугу менен түшүндүрдү. Ал өзү бул адамдарды саясий куугунтукка алынып камалган деп санабай турганын да айтты. “Текебаев тууралуу көп сөз болду. Аны миллион доллар үчүн камашты. Бул факт боюнча көп жолу айтышты. Мурдагы депутат Өмүрбек Абдрахманов пара алуу фактысы тууралуу айтып берген. Ал жакта күбөлөр да болчу”,-деп өз позициясын билдирди Фарид Ниязов. Башкача айтканда, Артыкбаев менен Атахановдун Атамбаевге каршы берген көрсөтмөлөрү күбө эмес, тергөө иштеринин кысымы экенин Атамбаев жана анын тарапташтары билдиришүүдө. Ал эми Текебаев боюнча анын душманы Өмүрбек Абдрахмановдун жана россиялык алдамчылардын берген көрсөтмөлөрү – бул ишеничтүү имиш. Фарид Ниязовдун жана экс-президенттин башка тарапташтарынын логикасы ушундай экен. Эл муну кош стандарттуулук деп билет. Баса, бул тууралуу “Апрелдин” түз эфирине телефон чалган бишкектиктердин бири айтты. “Мурда саясий куугунтук болгон жок беле? Эмнеге мурда мындай телемарафон уюштурган жок элеңер”,- деген суроону кабыргасынан койду телекөрүүчү.

Атамбаев болсо күн жарымдап калганда элге чыкты. Тарапташтарынын бирин туулган күнү менен куттуктады, аксакалдардан бата алды. Кийинчерээк Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы журналисттерге Атамбаевдин билдирүүсүн берип, аны Фейсбуктагы баракчасына да жарыялады.

Сүрөттө: Атамбаев президент болуп турганда курган Кой-Таштагы үйү.

Атамбаевдин билдирүүсү

Атамбаев билдирүүсүндө аны кол тийбестик укугунан ажыраткандан кийин боло турчу процессуалдык процесстердин барын көңүл сыртында калтырган. Муну экс-президент “бул спектаклге катышкысы келбегендиги” жана “мыйзамсыздыкты” легалдаштыргысы келбегени менен түшүндүргөн. Баардык күнөөлөрдү Атамбаев “ушак жана ойдон чыгарылган ыплас иш” деп атады. Ал эми Артыкбаев менен Атахановдун көрсөтмөлөрүн “тергөө менен келишимге келүү эмес, өз ыйманына камчы чапкандык” экенин билдирди. Атамбаев Батукаевдин иши боюнча Владимир Путин дагы сөз айтат деп ишендирип жазып, ал кримавторитетти Кыргызстанга экстрадициялоону бир нече жолу суранганын кошумчалап кетти. Баса, бул иш боюнча “Батукаев өзү жигитчесинен айтып берет” деген ишенимде экс-президент.

Айырманы сез

Атамбаевдин коргонууга даярданып жатканын угуп, Армениядагы жаңылыктар эске келди. Ереванда мурдагы армян президенти Роберт Кочерян өзү тергөө изоляторуна келип, андан соң сот аны камоо чечимин чыгарган.

Кочерян 1998-жылдан 2008-жылга чейин Армениянын президенти болгон. 2008-жылдын март айында президенттик шайлоолордун жыйынтыгына нааразы болгондор каршылык акциясына чыгышкан, ал шайлоодо Серж Саргсян жеңген болчу. Нааразычылык учурунда катышуучуларды колдорунан келишинче куушуп, натыйжада 10 киши каза болуп, 250 адам жаракат алган. Бийликке Никола Пашинян келгенден кийин Кочерянга каршы иликтөөнү жандантышкан, 2018-жылы июль айында ал камакка алынган. Бирок август айында Еревандын Аппеляциялык соту аны бошотуп, Конституцияга ылайык мурдагы президент катары анын кол тийбестик укугу бар экенин билдирген. Ноябрда Армениянын Кассациялык соту Кочеряндын ишин кайра кароого жөнөткөн. Ага чейин бир ай мурун аны коррупцияга да күнөөлөшкөн. Тактап айтканда, финансылык көз боёмочулуктарга барганын билдиришкен. Армениянын атайын кызматтары сөз жүз миңдеген долларлар тууралуу болуп жатканын кабарлаган.

Сүрөттө: Роберт Кочерян тарапташтарынын курчоосунда.

2018-жылдын декабрь айында Роберт Кочерянды камакка алышкан. Ал түрмөгө өзү келген. Мурдагы армян президенти жаңы жылды темир тор артында тоскон. Баса, ошондо ал Владимир Путинден куттуктоо катын алган. 2019-жылдын май айында аны бошотушкан. 25-июнда болсо сот аны кайрадан камоону чечкен. Кочерян мындай кадамдарды Пашиняндын жеке өчү жана саясий куугунтук катары баалаган. “Мыйзам дагы мыйзамдуулук дагы жок экенине өзүңө күбө болдуңар деп ойлойм”,- деген Кочерян. Ресурсу дагы тарапташтары дагы бар экенине карабастан, Роберт Кочерян өзүн коргоо аракеттеринде акция уюштурган жок. Бул кадамын ал элди ойлоп жатканы менен түшүндүргөн. “Армения акыркы жылдары ансыз деле көп нерсени башынан өткөрдү, эки саясатчынын жеке каршылаштыгынан улам араң жеткен туруктуулукту бузгум келбейт”,- деген Роберт Кочерян камакка өзү келген.

Кризис босогодо турат же бийлик кандай кадам кылышы керек

Атамбаев албетте, абалды курчутуп, бийликти провокация кылууга аракет кылат. Ал азыр өзүн гана ойлоп турган маалы. Бийлик чыдамкайлыгын көрсөтүп анын оюн эрежелери менен ойнобошу керек. Камакты күтүп жатабы? Эч кандай камоо болбойт. Чакыруу боюнча көрсөтмө берүүгө келбейби? Маанилүү эмес. Тергөөчүлөр өздөрү анын үйүнө бара алышат. Эң башкысы абалды колго алып, анын курчушуна жол бербөө. Бийлик Атамбаевге аброюн сактап калуусуна мүмкүнчүлүк берип, конфликттин башталышына жол бербеши керек. Бийлик Атамбаев режиминен айырмасы бар экенин көрсөтүүсү, далилдөөсү зарыл.

P.S. 1945-жылы АКШда Япониянын багынганы тууралуу актка кол коюу болгон. Анда жеңишке ээ болгон мамлекеттер чогулуп, эки жүздөн ашуун журналисттердин алдында Экинчи дүйнөлүк согушка чекит койгон актыга кол коюшкан. Жеңген өлкөлөр Японияга болгон сыйды сактап калуунун аракетин көрүшкөн. Мына ушунда жеңүүчү мамлекеттердин өзгөчө күчү байкалып турган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.