Молдова, Грузия, Кыргызстан: Параллелдер тууралуу

Аналитика, Статьялар 26 Июн 2019 15:46
0 ой-пикир

Темирбек ОРОЗБАЕВ – атайын Elgezit.kg үчүн

Күчтүү Советтер Союзу урагандан бери ондогон жылдар өттү. Көптөн күткөнбү же күтүлбөгөнбү, айтор, көз карандысыздыкты алган өлкөлөр өз алдынча багыт алышты.

Ар биринин өз жолу, өз тандоосу болду. Ийгиликтер жана трагедиялар коштоду. Бирок ар бир мамлекеттин уникалдуулугу тууралуу канча жолу айтышпасын, бул же тигил процесстердин жүрүшүндө жана абалдын өнүгүүсүндө кандайдыр бир мыйзам ченемдүүлүк бар.  Түз болбосо дагы кыйыр парраллелдерден качуу мүмкүн эмес. Аларды табуу өтө деле кыйын эмес.

Акыркы күндөрү союздун курамына кирген өлкөлөрүнүн ичинен үчөө маалымат айдыңында көп пайда болуп келет. Молдавия, Грузия, Кыргызстан. Жада калса, айрым абалдарда анализ кылууга жөндөмсүз болгон адамдарга деле бул мамлекеттердин саясий маданияттары, салттары ар түрдүү болгону менен жалпы окшоштуктары бар экени түшүнүктүү.

Мурдагы атаандаштар – ACUM европалык блогу менен азыркы президент Игорь Додондун парламентте көпчүлүктү ээлеген Социалисттер партиясы кыйынчылык менен башкаруучу коалицияны түзгөнү Молдавияны саясий кризиске такады. Бирок алардын оппоненттери болгон Демократиялык партия жана анын лидери, таасирдүү жана өлкөнүн эң бай адамы Плахотнюк жаңы өкмөттү таануудан баш тартты. Алардын позициясын Плахотнюктан көз каранды болгон Конституциялык сот колдоп, эски, бирок кете элек демпартиянын өкмөтүнө парламентти таратып жаңы шайлоо өткөрүү тапшырмасын берген чечим чыгарды. Өлкөдө бир нече күн кош бийлик болуп турду. Тарапташтар активдешти.

АКШ, ЕБ жана Россия жаңы өкмөттү тааныды. Натыйжада Плахотнюк жана Демократиялык партия моюн сунушту. Кабинетти ACUM блоктун лидерлеринин бири Майя Санду жетектеп калды.

Молдавиянын Конституциялык соту ишемби күнү акыркы күндөрү кабыл алган – парламентти таратуу, жаңы өкмөттү легитмдүү эмес деп табуу, президентти убактылуу ыйгарым укуктарынан ажыратуу чечимдерин жокко чыгарды. Соттор бул кадамын мурда алар кысымга кабылганы менен түшүндүрүштү. Плахотнюк болсо Швейцарияга кетти. Ар түрдүү агенттиктердин маалыматы боюнча жума күнү Кишинёвдон Плахотнюктун тарапташтарынын бир нече менчик учактары учуп кеткен. Алар Одессага, Лондонго, Москвага, Стамбулга учуп кетишкен. Жаңы бийлик болсо Плахотнюкка карата кылмыш иштери козголорун билдирди.

Молдавалык олигарх Плахотнюк Приднестровье жана Одесса аркылуу өлкөдөн качып кеткен

Грузияда баары Россиянын Мамдумасынын депутаты Гаврилов Парламенттер аралык Ассамблеянын сессиясынын ачылышында бул уюмдун президенти болуп туруп Грузиянын парламентинин спикеринин ордуна отуруп алганынан башталды. Оппозициянын миңдеген тарапташтары саналуу гана сааттарда антироссиялык чакырыктар менен көчөгө чыгышып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Окуя миңдеген адамдардын нааразычылык акциялары уланып, айрым саясатчылар отставкага кетишти.

Грузиядагы антироссиялык митингдер

Кыргызстанда болсо алда канча тынчыраак, бирок бул абал мыкты дегендик эмес. Экс-президент Атамбаев өзүнүн партиясы демилгелеген “антикоррупция” митингинде азыркы мамлекет башчысы Жээнбековдун дарегине ачуу сөздөрдү айтып, кыргыз парламентин да тим койгон жок. Мындай ээн ооз сөздөр Кыргызстанда эч кимди деле таң калтырбайт, бирок акыркы сөздөрү эл өкүлдөрүнүн чучугуна жетти көрүнөт. Натыйжада депутаттык комиссия түзүлүп Атамбаевге 6 доомат коюлуп, аны парламентте отургандардын көбү колдоп, Башкы прокуратура дагы экс-президент 5 кылмышка тиешеси бар деген чечим чыгарды. Кезекте кол тийбестик укугунан ажыратуу маселеси турат, эгер логикага таянсак андан соң экс-президентти жоопкерчиликке дагы тартышат.

Өз кезегинде Атамбаев тарапташтары менен жолугушууларды өткөрүп, аны камоо аракеттерине каршы турарын билдирип, куралы бар экенин да айтууда. Кийинчерээк анын кеңсесинен билдиришкендей, сөз сыйлыкка берилген курал – тапанча тууралуу болгон.

Баардык үч учурда тең президенттердин ролу эң башкы орунда эмес экенин байкадык. Аны менен катар эле Молдованын, Грузиянын президенттери медиа айдыңда активдүү позицияны карманып, болуп жаткан окуялар боюнча ар бири позициясын билдирип, аны менен катар эле социалдык тармактардын мүмкүнчүлүктөрүн активдүү колдонушууда.

Биздин президент азырынча Атамбаевди кол тийбестик укугунан ажыратуу тууралуу эч кандай пикирин билдирген жок, бирок анын командасы дагы парламенттин бул же тигил кадамдарынын акыры кандай болорун талдап жатышканы түшүнүктүү.

Бирок башка нерсеге көңүл бура кетиш керек. Өзүнүн саясий системаларын трансформациялоону чечкен мамлекеттер (Грузиядагыдай жана Молдовадагыдай эле) парламенттик жолду басып өтүп, бул этаптан өтүшүүдө. Бийликти өткөрүп берүү процедуралары же оппозиция менен өкмөттүн күрөшү кандай болбосун кризиске алып келет. Бул жаңыдан өздөштүрүлүп жаткан “бийлик жүргүзүү” формасынын туруктуу болуусу кризисти тынчтык жолу менен чечүүгө өбөлгө болот деп айтууга болот.

Грузиянын дагы Молдавиянын дагы парламенттери бул чакырыкты кабыл алышты, азыр алардын күчү чечилбей калган маселелерди (Грузия) акырына чейин чечүүгө же болбосо саясий кризистин аягына чыкканын билдирип, кайра куруу ишине (Молдова) багытталышы керек.

Биздегидей абалдын уникалдуулугу партиялар ортосундагы күрөштө эмес, жада калса партиялар ичиндеги күрөш эмес, адамдар арасындагы мүнөздөгү каршылык. Кыргыз парламенти “көлөкөдөгү оюнчу” позициясында туруп эле ачыкка чыга калды.

Эми жакын арада кандайдыр бир чечим кабыл алчу парламент өзүнө акыркы кадамдары боюнча баардык жоопкерчиликти алууда. Көпчүлүк депутаттар сүйлөп жатканда өздөрүнүн жеке таарынычтары бар экенин жашырышпай эле, айрымдары процедуралык коллизиядан чыкпай жатышат.

Кыргыз парламентин жалкоо киши гана сындабайт десе болот. Депутаттар өздөрү дагы коомчулук тарабынан эл өкүлдөрүнө айтылган сынга көнүп калышкандай. Алардын билимине, компетенттүлүгүнө, өз оюн билдиргенине, көз караштарына, позицияларына карата сындар байма-бай айтылып турат.

Жогорку Кенеш дайыма коомчулуктун сынына кабылып келет

Бирок бул — биздин парламент, башкасы жок. Ошондуктан биз маанилүү чечимдерди кабыл алып жаткан депутаттар эң биринчи кезекте өлкөнү, анын келечегин, туруктуулугун жана өнүгүүсүн ойлошот деп үмүт кылабыз.

Алар кабыл алган чечимдери үчүн жоопкерчилигин сезе билишкени биз үчүн маанилүү. Экс-президентти иммунитетинен ажыратуу, кылган иштери үчүн аны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү – чечим ушундай болору күтүлүүдө. Эгерде чечишсе акырына чейин чечишсин, дегеним башкаруу тарыхында мындан кийин бул сыяктуу прецеденттер болбошу керек.

Акырында үч өлкөнүн окшоштугу тууралуу бир нече ой пикир.

Биринчиден – баардык үч өлкөдө саясий система окшош трансформация болууда жана баары суперпрезиденттик башкаруудан парламенттик же парламенттик-президенттик башкарууга өз жолу менен өтүүдө.

Экинчиден – азыркы пайда болгон абалда парламент негизги иш алып барган тарап болууда жана өз укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү ар бир өлкөдө ар түрдүү.

Үчүнчүдөн, баардык өлкөлөрдө президенттик бийлик институту конфликтте башкы ролду ойнобогону менен ага кандайдыр бир таасир берип турат.

Үч өлкөдө тең саясий айдыңда өзгөрүү болору билинип турат. Ага жакында күбө болорбуз.

Редакция макаланын мазмуну үчүн жоопкерчиликтүү эмес жана автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.