Жогорку Кеӊеште экономика министри Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков өзү катышты. Президент жаӊы өкмөт мүчөлөрүнө ант берүү менен кошо чоӊ жоопкерчилик тагылып жатканын эске салып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырды.
Мыйзам боюнча, жаӊы дайындалган өкмөт мүчөлөрү парламентте ант берет.
Эске салсак, УКМКнын төрагасы кечээ, 18-июнда дайындылган.
Сүрөт интернеттен алынды