Президент депутаттарга: «Жакшы эс алып, кайра келиңиздер»

Окуялар тизмеги 19 Июн 2019 10:58
0 ой-пикир

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттарына шайлоочулар менен иштиктүү жолугушууларды каалап, алдыда аларды чоң иштер күтүп турганын белгиледи.

Бүгүн президент парламентке барып, жаңы дайындалган министрлердин ант берүүсүнө катышты.

— Алдыда шайлоочулар менен жолугушууларыңар болот. Андан кийин бир ай эс аласыздар. Шайлоочулар менен жолугушууларыңар иштиктүү болсун. Жакшы эс алып, кайра келиңиздер. Сиздерди дагы абдан чоң иштер күтүп турат, — деди Жээнбеков.

Ошону менен катар президент парламентке Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин өткөрүүгө жана Монголия менен Индиянын жетекчилеринин сапарларын уюштурууга кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.