Али Токтакунов Раим-миллионду түз эфирге, теледебатка чакырды

Окуялар тизмеги 17 Июн 2019 12:43
0 ой-пикир

Азаттыктын радиосунун журналисти Али Токтакунов фейсбук баракчасына кесиптештерин биргеликте коррупцияга каршы күрөшүүгө чакырып өз оюн билдирген.

» «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү документтер анык. Иликтөө дагы уланат. Күтүп аткандар, чыдабай аткандар, «диван эксперттери», фейктер жана башкалар сабыр кылгыла. Дебат, маек же ушул сыяктууга чакырган кесиптештер, иштейли. Колуңардан келсе өткөндө Искендер Матраимовду чакыргандай Райымбек Матраимовду эфириңерге алып келгиле. Анан кел десеңер башка кеп. Мен ага суроо бериш үчүн барам. Болбосо башка жерден карматпай жүрөт. Суроолорум көп.

Эл үчүн арналган кымбат эфирди журналисттерди кайым айтыштыруу менен толтуруу элди сыйлоого жатабы? Кыргызстанда коррупционерлер, бажыдан же башка жактан арам байлык топтогондор азбы? Кесиптештер, андан көрө ошолорду иликтөөгө, жүзүн ачууга чакырам. Бул журналисттин анык милдети.
Кайсы бир саясатчынын же көпөстүн каалоосуна жетеленип калбайлы. Негизги маселеден көңүлдү алагды кылуу, анык коррупциялык көрүнүштү эптеп жокко чыгаруу, ачылып калган былыктарын унуттуруу аракеттери болуп атканын буга чейин жазгам. Карапайым эл менен эсепсиз акчалуу көпөстөрдүн, журналисттер менен жалданмалардын күрөшү кескин курчуганын дагы айтам.»- деп жазган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.