Жээнбеков: Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүү зарыл

Окуялар тизмеги 14 Июн 2019 13:42
0 ой-пикир

Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун курууну тездетүү зарыл. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Бишкекте өтүп жаткан саммитинде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Кыргыз президенти ШКУнун эл аралык жана аймактагы мааниси чоң экенин белгилеп, расмий Бишкек бул уюм алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин айтты.

Ошондой эле Жээнбеков уюм алкагындагы транспорттук-логистикалык байланыштарды күчөтүү зарыл экенин белгилеп, “Бул багытта биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү колдойбуз” деди.

Жээнбеков ШКУнун экономикалык кылмыштарга каршы атайын органын түзүүнү сунуштады. Президенттин айтымында, экономикалык кылмыштар маңзат бизнеси, аткезчилик, арам акчаны адалдоого аракеттенүү сыяктуу мыйзамсыз көрүнүштөр менен байланыштуу трансулуттук мүнөзгө ээ.

Жээнбеков маалыматтык коопсуздукту сактоого өзгөчө көңүл бурууга да чакырды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.