Ооганстандын президенти Кыргызстанга келди

Окуялар тизмеги 13 Июн 2019 14:07
0 ой-пикир

Ооганстан Ислам Республикасынын президенти Мохаммад Ашраф Гани Шанхай Кызматташтык Уюмундагы мамлекеттердин башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн бүгүн, 13-июнда, Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити Бишкекте 14-июнда өтөт. Ага Кыргызстанды кошкондо 12 өлкөнүн президенттери катышат. 12-июнда алгачкылардан болуп Кыргызстанга Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзиньпиң келди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.