Президент: «Бир топтун уурулугун жашырам деп убада берген эмесмин»

Окуялар тизмеги 12 Июн 2019 13:00
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бир ууч топтун уурулугун жашырууну убада кылбаганын белгиледи. Ал бул тууралуу кечээ парламентте жасаган билдирүүсүндө айткан.

«Элдин ишенген президенттик милдетимди мамлекетти оңдоого жумшайм. Мындан башка менин милдетим дагы, карызым дагы, жашоомдун маңызы дагы жок. Менин бир гана кудайдын, элдин алдында карызым бар, башка менин эч кимден карызым жок.

Бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам деп убада берген эмесмин. Мен элдик президент болом деп элге убада бергем. Менин 25 жыл саясаттагы ишим таза, мага жалган жалаа жукпайт», — деди президент.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.