Кош бойлуу келин уурдап алган чөнтөк телефонду ээсине кайтарып берген

Окуялар тизмеги 12 Июн 2019 16:33
0 ой-пикир

Эски телефон уурдоого айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында боюнда бар келин камалганын Акыйкатчы институту билдирди.  Кош бойлуу аялдын айтымында, уурдалган телефонду ээсине кайтарып берген. Бул боюнча тил кат дагы бар. Ал 3 айлык боюнда бар экенин жана үйүндө 1 жаш 2 айлык баласы күтүп жатканын айтты.

Маалыматка караганда, акыйкатчы Токон Мамытов 12-июнда тергөө абагына кирип, келин менен баарлашканда ал эски телефонду алганы үчүн кармалганын айткан. Ал бул ишке аргасыздан барган болуусу керек деген пикир жаралат.

Кармалган келин буга чейин акыйкатчыга арыз жазып, анда Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү жана ишти караган судьянын аракетине баа берүүнү өтүнгөн. Акыйкатчынын баамында, Свердлов райондук соту бөгөт чараны аныктоодо аны бир айга тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарып, кош бойлуулугун, жаш баласы бардыгын жана уурдалды деген телефондун баасы 10 миң сомго жетпегенин эске алган эмес. Токон Мамытов бул иш кылмыш катары эмес, Жорук кодексинин негизинде каралууга тийиш деп эсептейт.

Мындан тышкары Акыйкатчы институтунун кызматкерлери арыздын негизинде Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына барышып, бул аял белгиленген мөөнөттөн ашыкча кармалганын аныктаган.

Ишке баа берүү үчүн Свердлов райондук прокуратурасына кайрылуу жолдонгону айтылды. Райондук милиция жана сот акыйкатчынын билдирүүсүнө жооп кайтара элек.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.