«Келесоо», «неправильно мочусь», «юбканын ордуна шым»: аткаминерлер журналисттерди кантип келекелешкен?

Аналитика, Статьялар 07 Июн 2019 10:31
0 ой-пикир

Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов кезектеги чуунун чордонунда калды – ал журналисттин суроосуна жооп берүүдөн баш тартып, кебетеси жакпай калганын айтты.

Elgezit мамлекеттик кызматкерлердин журналисттердин дарегине айткан сындарын, келекелеген учурларын эске салат. Ошондой эле акыркы кездерде сөз эркиндигин басмырлоого болгон аракеттерди тизмектеп чыкты.

Аткаминерлердин оройлугу

1. «Келесоо, эс алчы» — билим берүүнүн отличнигинен мастер-класс!

ЖКнын депутаты, билим берүүнүн отличниги Тазабек Икрамов искусстводон сырткары өз оюн “так” жеткиргенден сырткары журналисттерге болгон өзгөчө сүйүүсү менен белгилүү. Башында комментарий берүүнү суранган “Sputnik Кыргызстан” агенттигинин кабарчысын “келесоо” атаган, бир аз убакыт өткөн соң анын унаадан чыгып келе жаткан видеосун жарыялаганы үчүн ушул эле басылманын журналистин “эс алчы” деген.

2. “Юбка эмес шым кийип алчы”

Бишкек мэриясына караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиев «Ала-Тоо 24» каналынын журналисти Бурулай Пусурманкулованын колунан микрофонду жулуп алууга аракет кылып, андан соң юбкасын шымга алмаштырышы керектигин айтып корстон болгон. Бул окуядан бир күн өткөн соң мамлекеттик кызматкер этикасын бузгандыгы үчүн иштен алынган.

3. «Чынгызхандын кара булуту»

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин юристи Кыял Кенжематова “Новые лица” гезитинин башкы редактору Лейла Саралаевага чалып гезит берип турууну талап кылган, эмнеге экенин сураганда так жооп берген эмес, болгону редактор жаңы сандарды берип турууга милдеттүү экенин айткан.

— “Менин басылмам мамлекеттик эмес экенин айттым. Биз эмнеге бекер беришибиз керек, кандай максат менен, мамлекет бизге жардам берген жери жок да”.-дедим деген Лейла Саралаева. Юрист болсо мамлекет жардам берүүгө милдеттүү эмес экенин, жолтоо болбогонуна рахмат айтышы керектигин билдирген.

Телефондон болгон сүйлөшүүнү журналист жаздырып алып, Фейсбукка чыгарган. Юрист Кыял Кенжематова 57 000 сом өндүрүү үчүн сотко арыз жазган.

“Маданият министрлигинин юристи компенсация төлөп берүүмдү талап кылып жатат, мен пост жазгандан кийин анын үстүндө Чынгызхандын кара булуту айланып жатканын айтып, эмчектеги баласы бар экенин, сүтү качканын билдирди. Мен аны менен элдешүүгө аракет кылдым, бирок майнап чыккан жок”, — деген Лейла Саралаева 24.kg маалыматтык агенттигине.

Көз карандысыз журналисттер союзунун кийлигишүүсүнөн кийин Кыял Кенжематова материалдык доосунан баш тарткан.

4. «БШКнын мүчөсү дааратканага “кыйшык” барганда»

Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев 24.kg агенттигинин кабарчысы Юлия Костенко менен сүйлөшүп жатып жинденип, орой сөздөрдү айткан. Сөз ЖКнын депутаттарынын эскиздери эмнеге талаптарга жооп бербей турганы тууралуу болуп жаткан. БШКнын мүчөсү журналистке аны менен кошо дааратканага барып, туур эле “кое береби” карап келүүнү сунуштаган. Бир аздан соң катуу жинденип ооруканада жатканын айтып, ага чалбоону талап кылган. Дааратканага “ийгиликтүү” барып келгенден кийин ойлонгонбу ким билсин, кайра журналистке чалып кечирим сураган.

5. «Кебетең мага жакпады»

Сокулук районунун Орок айылындагы абал боюнча комментарий берип жатып Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов кебетеси жакпай калган журналистке маек берүүдөн баш тартты. Өзүн кыргыздын Бред Пити сезген аткаминер мамлекеттик медиалардын өкүлдөрү менен же кейпи өзүнө жаккандар менен гана пикир алышат имиш. Башкалардын баары ага жакпайт…

Журналисттерге кол салуу

1. Казинодон «Роял флеш»

«Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков кумаркана делинген жерди видеого тартып, түз эфирге чыгып жатканда ага күзөт кызматкерлери

кол салышкан. Журналисттин костюмун айрышып, колун кайрышып, телефонун тартып алууга аракет кылышкан. Журналист милицияга арыз жазып күзөтчүлөрдү кармашкан.

2. Табып Хашим Зайналиев: дарылайт дагы, оорутат дагы…

Табып Хашим Зайналиев 2016-жылы элдик ыкма менен дарылап жаткан бейтабы каза болгондон кийин коомчулукка белгилүү болуп чыга келди. Сот ага табыпчылык менен алек болууга тыюу салды. Бирок ага карабастан ал “элдерди сактаганын” токтоткон жок, андыктан “Апрель” телеканалынын журналисттери бул тууралуу репортаж даярдоо үчүн барышкан. Табып журналисттерге күтүүсүздөн кол салган. Балким ал басма сөз өкүлдөрүнө жаракат келтирип алса, кайра эле өзү айыктырарына көзү жеткендир.

— “Ал бизди жаман сөздөр менен урушуп, тепкичтен түртүп чыгарды. Колум бир аз ооруп жатат, видеокамерабыз да бир аз сынып кетти”,-деген кабарчы Юлия Кулешова.

Журналисттер арыз жазышканын уккан “дарыгер” Оманга учуп кетүүгө жетишкен.

3. Айдоочу, билим берүүнүн отличниги – шефинин мыкты окуучусу

ЖКнын депутаты Тазабек Икрамовдон айдоочусу кем калышпайт экен. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп жаткан рейд учурундагы съемкада ал ММА мушкериндей эле журналисттерге кол салган. Эл өкүлүнүн унаасынын терезелери караңгылатылган болуп чыккан, бирок айдоочусу жана анын “братвалары” МАИ кызматкерлеринин терезелеринен караңгылатылганын сыйрып жатканына тоскоолдук жаратып, аны тартып жаткан журналисттин колунан телефонду жулуп алууга аракет кылган. Аппаратты МАИ кызматкерлеринин жардамы менен кайра алууга мүмкүн болгон. Унааны айып жайга токтотушкан, ал эми Тазабек Икрамов журналистти “келесоо” деп атаган (жогору жакты караңыз).

4. «Менин атам ким экенин билесиңби?»

Жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча жүргүзүлгөн рейд учурунда айдоочулардын бири New TV каналынын кабарчысы Ильяс Балташевге кол салган. Айдоочу МАИ кызматкерлерине жулунуп: “Сен менин атам ким экенин билесиңби? Сен менин ким экенимди билесиңби?” деп коркуткан. Ошондой эле Улуттук статистикалык комитеттин мөөнөтү 2 жыл мурун өтүп кеткен күбөлүгүн көрсөткөн. Аны Наркодиспансерге алып келип, текшергенде айдоочу мас экени аныкталган. Ага карата “Ээнбаштык” беренеси боюнча протокол түзүлгөн.

Арыздар, текшерүүлөр жана ММКга болгон башка кысымдар

1. 50 миллион сомдук арыз

«Азаттыктын» кабарчысы Ыдрыс Исаков милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаевдин туугандарына катталган компаниялар тууралуу иликтөө жүргүзүп, салыктар төлөнбөгөнүн ачыктаган. Ага жооп катары Атамбаев 50 млн сомго доого жыгуу аракетин көргөн. Кийин медиакоомчулуктун жана саясатчылардын жардамы менен арызын кайтарып алган.

2. «Экс-замминистрдин» арызы

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров «Азия Ньюс» гезитин 10 миллион сомго сотко берген. Буга “анын аброюна шек келтирген” макалалардын жарыяланганы себеп болгон. Кийинчерээк тараптар элдешип арызын кайтарып алган.

3. 300 миң сомдук «хамелеон»

Ал эми ЖКнын депутаты Кожобек Рыспаев Октябрь райондук соту аркылуу “Ачык саясат” гезитин 300 000 сомго доого жыккан. Буга гезитте жарыяланган макалада автор депутатты бир партиядан экинчисине өтүп “хамелеон” болду дегени себеп болгон.

4. Тиражды текшерүү

Финполиция “Супер Инфо” гезитинин тиражынан күмөн санап, айырмачылык бар экенин аныктаган. Ал эми гезиттин ээси Кылычбек Султан муну оппозициялык басылманы рейдерлик басып алуу катары баалаган. Натыйжада иш сотко чейин жетип, сот ММК тарапта болуп, тираж боюнча эч кандай айырмачылык жок экенин далилдеген.

5. Тыюу салынган дрон дайыма «таттуу»

Жыл сайын өтүүчү “Өлбөс полк” жөө жүрүшү учурунда Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы ММК өкүлдөрүнө Сооронбай Жээнбеков баштап келчү жөө жүрүшүн видеого тартууга тыюу салганын билдирген. Ошондой эле аларды дрон менен тартууга да болбостугун жарыялаган.

Бирок президенттин басма сөз кызматынын башчысы Толгонай Стамалиева сүрөткө, видеого тартууга, ошондой эле дронго тыюу салынбаганын айткан. Натыйжада жөө жүрүштү ээн-эркин тартууга уруксат берилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.