Ороктогу жаңжал беделдүү инсандардын бетин ачты

Аналитика, Статьялар 06 Июн 2019 17:08
0 ой-пикир

Окуянын хронологиясы:
Саат 08:00 — окуя ушул жылдын 5-июнунда Айт намаздан кийин Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айылында болгон.
Саат 08:30 — Сокулук РИИБге Орок айылында жаш балдардын арасында мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге дароо РИИБдин кызматкерлери жөнөтүлүп, 3 өспүрүм бала мушташканы аныкталган. Алар кайым айтышып, эки бала 2003-жылы туулган А.Т.нын денесине жаракат келтиришкен. Мушташ учурунда ушул айылда жашаган дагы бир өспүрүм бала жаракат алып, кийинчерээк алар Бишкектеги ооруканага жаткырылган.
Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Милиция кызматкерлерине маалым болгондой, жабырлануучу А.Т. ушул жылдын 4-июнунда Орок айылында жашаган туугандарынын үйүнө конокко келген.

Болжол менен саат 12:00 — Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү катары 23 жаштагы А.К. жана 15 жаштагы А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылып жатат.

Саат 15:30 — Жабырлануучунун жакындары чогулушкан, бирок Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин жетекчилиги жергиликтүү органдар менен бирге элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ушул маалда жабырлануучунун жакындарынын бири чагымчыл иш-аракеттерди жүргүзүүгө аракет жасаган.

Кийинчерээк алар кайрадан чогулуп, айрымдар чөптү өрттөп, болжол менен 12 үйдүн терезелерин жана унаалардын айнегин талкалашкан. 31 адам РИИБге жеткирилди. Бул факт да Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, мушташтын кесепетинен денесине ар кандай жаракат алган өспүрүмдөр шаардагы балдар клиникалык ооруканасында жатат. Бири интенсивдүү терапия бөлмөсүндө, экинчиси нейрохирургияда дарыланууда. Учурда алардын абалы туруктуу. Кармалган 31 адам бошотулду.

Орок айылындагы жаңжалды уюштурган депутат бошотулду

Кечээ, 5-июнда Сокулук районунун Орок айылында болгон баш аламандыктан кийин кармалган жергиликтүү кеңештин депутаты Кылычбек Бокоев үй камагына чыгып, эл чогулган жерге келди.

Аны буга чейин өзүн депутаттын чоң апасы деп тааныштырган аял бошотпой жатышканын айткан.

Депутатты эл чогулган жерге алып келишкен адамдар апасы менен жолуктурушту. Апасымын деген аял: «Ушунча эл турса, эмнеге үйгө барып жуунасың? Жуунбай ушул эле жерден токтобойт белең. Булар үйүнө жуунганы кетти деп айтты. Эмне, күйөөгө тийгени жатасыңбы?», — деди.

Ага жооп берген депутат: «Жок…», — деп басып кетти.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов АКИpress агенттигине билдиргендей, бүгүн, 6-июнь күнү Сокулук райондук соту камакка алынган жергиликтүү кеңештин депутаты Кылычбек Бокоевдин баш коргоо чарасын тандады. Сот аны үй камагына чыгарды.

Кылычбек Бокоев биринчи жолу Орок айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Ал 27 жашта, эки баланын атасы.
2017-жылы 28-майда өткөн шайлоодо Бокоев шайлоочулардын 190 добушун алып, жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган.

Үч өспүрүмдүн айынан губернатор да журналистке туура эмес мамиле жасады

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун ыйгарымдуу өкүлүнүн кабарчы кызга кылган мамилеси талдайт.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов маалымат жыйын бүтө электе залдан чыгып кеткен

Ал журналистердин суроосуна жооп бере албай, дагы кекетип,  “Сиздин жүзүңүз мага жакпады, ошол үчүн сиздин сурооңузга жооп бербейм” деп каткырып шылдыңдаган журналисттен кечирим сурабай тургандыгын билдирди.

Туйгунаалы Абдраимов ошондой эле, айрым журналисттерди түрткүлөп, айрымдарынын суроолоруна жооп бергенден таптакыр баш тартты. Губернатор журналисттердин «Позор» деп кыйкырыктарынын коштоосунда качып кетти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун аракеттерине баа берүү маселесин карайт. Бул тууралуу премьердин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Ал «өкмөт башчы жогорку деңгээлдеги аткаминердин жана журналисттин айланасындагы бул инцидент бийликтин бардык аткаруу бутагына көлөкө түшүрүп жатканын» өкүнүү менен кабылдап жатканын белгилейт.

Анын алдында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов өзүнүн кабарчы кызга карата сүйлөгөн сөзү тууралуу комментарий берип, журналисттен кечирим сурабай турганын айтты. Ал журналисттин өзүнө жараша мамиле кылганын белгиледи.

Эске салсак, кечээ, 5-июнда Сокулуктагы окуяны чагылдырганы барган журналист кыздардын бирине Абдраимов «сиздин жүзүңүз мага жакпай турат» деп, орой жооп узаткан. Бул окуя тартылган видео Интернетке тарагандан кийин социалдык тармактарда нааразылык күчөп, анын кызматтан кетишин талап кылгандар көбөйдү. Буга байланыштуу бүгүн, 6-июнда Чүй облустук администрациясынын алдында активисттердин жана журналисттердин митинги да өттү.

Тышкы Иштер Министрлиги Орокко атайын барган Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фыраттын иш-аракетин карап чыгат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ)  чыр чыккан Төмөнкү Орок айылына барган элчинин иш-аракеттери боюнча кеңешме өткөрүп, билдирүү кабыл алат. Бул тууралуу  мекеменин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев билдирди.

— Ал боюнча бүгүн Тышкы иштер министрлигинде кеңешме өтүп, жолугушуу болот. Маалыматты күндүн жүрүшүндө беребиз. Кечээ эми ызы-чуу болбодубу. Биз бул маселе боюнча өз ичибизден сүйлөшөбүз, — деди Дыйканбаев.

5-июндун кечинде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Чүйдүн Төмөнкү Орок айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолуккан. Журналисттер менен болгон маегинде элчи өзү аталган кыштакта элчиликтин кызматкери жашай турганын, аны алып кетүүгө келгенин айткан.

Сокулук районунун Төмөнкү Орок айылында чогулган эл тарай баштады

Кармалган баланын атасы чогулгандардан кечирим сурап, кол алышты.

Учурда жабыркаган экөө ооруканада жатат, бири нейрохирургия бөлүмүндө. Бул боюнча 31 адам кармалып, кайра кое берилди, дагы бирөө милициянын убактылуу кармоочу жайында отурат.

Ушул эле күнү Сокулуктун Жаңы-Жер айылында да өспүрүмдөр ортосунда уруш чыккан. Ал жерде кармалгандар жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Эки факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Учурда милиция кызматкерлери жергиликтүү органдар менен бирге нөөмөттө турат. Учурда абал туруктуу.

Жазгүл Урмамбетова, атайын Еlgezit.kg үчүн

Еlgezit.kg редакциясы макаланын маңызы үчүн жооп бейрбейт жана редакциянын көз карашын билдирбейт

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.