«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев №47 колниядан Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна бүгүн, 1-июнда которулду. Бул маалыматты ЖАМК Элеонора Сабатарова журналисттерге билдирди. Сабатарованын айтымында, ал бир жылда бир жолу изилдөөдөн өтүп туруусу керек.
Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев былтыр ооруканада дарыланган.
Сүрөт интернеттен алынды